Албек Ибраимовдун Бишкек шаарынын “беги” болууга моралдык укугу жок беле?

Мезгил

Албек Ибраимовдун Бишкек шаарынын башчылыгынан кетиши саясий куугунтукбу? Же азыркы бийлик Алмазбек Атамбаевдин кадрларын коррупцияга шылтоолоп куугунтуктап жатабы? Айрымдар айткандай же чын эле улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси менен кылмыш иши козгон шаар башчысы Бишкек шаарынын “беги” болууга моралдык укугу жок беле?

Укук коргоочу Турсунбек Акундун пикиринде Албек Ибраимов буга чейин эле мэрликтен кетиши керек болчу. Анткени, ал башында эле ээрге кыйшык отурган. Мурдагы президенттин ишенимдүү адамы болгон үчүн  ойдо жок жерден татыксыз болсо да мэр болуп иштеп калган.

Албек Ибраимов өзүн  кызматтан кеткенин  саясатка байлап, өзүн саясаттын курмандыгы болгондой сезбеши керек. Себеби,  команда келип, команда кеткенин түшүнүшү керек. Кыйратпаса дагы Кулматовго караганда иштеди. Бирок, көчөлөрдү оңдотту дегенибиз менен өзүнүн гана фирмасын иштетиптир. Айтор, эмне иш кылса да, өз көмөчүнө күл тартыптыр-деди Турсунбек Акун.

Ошондой эле белгилүү укук коргоочу Албек Ибраимов өзү да тоого чыгып  кеткем дебей  жыйынга  катышса болмок, эң негизгиси азыр эс ала турган эмес иштей турган учур болчу  деп кошумчалайт.

-Орун басарлары камалып жатса, өзүнө кылмыш иши козголуп атса, өзүнө өзү эс алуу жарыялабай иштеши керек болчу. Азыр эс ала турган эмес, иштей турган мезгил-деди Турсунбек Акун

Ал эми Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты Равшан Жээнбеков убагында Атамбаев жеке кызыкчылыгы үчүн Албек Ибраимовду шаар башчылыгына алып келгени туура эмес болгондугун айтат.

-Албетте, Албек Ибраимовду Атамбаев өзүнүн ишенимдүү адамы болгонун үчүн  кол баласындай жумшоо максатында мэрликке коюп, убагында катачылыкка жол берген. Анткени, мэрди президент эмес, эл шайлашы керек. Ошондо гана адилеттүүлүк орномок –деди Равшан Жээнбеков.

Равшан Жээнбеков, бийликте жашыруун сүйлөшүүлөр, ортомчулар аркылуу жүргүзүлөрүн,  эгерде Албек Ибраимов унчукпаса камалбай калышы  мүмкүн экендигин кошумчалайт.

-Менин оюмча Албек Ибраимов бийликке каршы сөздөрдү сүйлөп, бийликке каршы иштерди жасабаса камалбай да калышы мүмкүн.  Ошон үчүн көптөгөн мыйзамдарды бузса да, мурдагы улуттук коопсуздук  кызматынын башчысын, башкы прокурорду  камашкан жок. Жакшынакай эле жүрүшөт-деди Равшан Жээнбеков.

Ал эми коомдук ишмер Эдил Байсаловдун айтымында мурунку президенттердин  учурунда үйбүлө-кландык башкаруу учурунда мамлекеттик бийлик президенттин аялы, балдары, бир туугандарына бөлүштүрүлүп, ээнчиленип  берилсе, Атамбаев бийликти шоопурларына, жылкычы-весовщик, жан сакчылары жана секретарша-бухгалтершаларына ээнчилеп койгон.

-Албек Ибраимов Атамбаевдин эң жакын адамдарынан бири. Ал ошол Манас аэропортун же шаарды башкарууга өз даражасы менен жетмек эмес. Биз муну жакшы билебиз.  Бирок, Албек өзү таптаза иштесе, аны эч ким Атамбаевдин жакын адамысын деп, жөн жерден асылмак эмес. Андайлар иштеп эле атышпайбы. Же болбосо, мына июль болду, Ибраимовту ушул убакытка чейин, бир канча кылмыш иши козголгон күндө дагы, эч ким тийген жок эле го. Ал шаардык кеңеш тарабынан өзүнүн былыктары, башкасын айтпаганда да ошол эле жер тилкелери боюнча, былыктары чыгып, ашып-ташып, батпай калганда эле иштен бир добуштан айдалып атат.

Эдил Байсалов  канча күн өттү, өкмөт деле аны жумуштан ала элек. УКМКсы деле камакка алмак тургай издөө жарыялаган жокпуз деп атышат. Эмнеси болсо дагы, элдик жеңиш менен келип, мамлекетти жана башкалаабызды талкалагандар, өздөрү эбегейсиз байыгандар жоопкерчиликке тартылып, катуу жазасын алышат деп үмүттөнөрүн кошумчалайт.

– Уурулар буга чейин деле болуп келген. Ал жаңылык эмес. Бирок, мобулардын уурулугу жүз эсе жийиркеничтүү. Анткени, балдардын каны менен келишип, ошол антты бузушту. Бул кечирилгис чыккынчылык. Жазасы дагы жүз эсе катуу болуш керек-деди Эдил Байсалов.

Мурдагы президент Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын бири саналган Ибраимов мэрликке 2016-жылы февраль айында шайланган. Ал өз ишине киришип жатып Атамбаевдин дагы бир кадры Кубанычбек Кулматовдун баштаган ишин аягына чыгара турганын айткан.

Албек Ибраимов узак убакыттан бери Алмазбек Атамбаев менен жакшы ымалада экени да белгилүү. Ал “Кыргызавтомашты” башкарып турганда Ибраимов бөлүм башчы, коммерциялык директор болуп иштеген.

Бирок, 2010-жылдагы апрель ыңкылабынан кийин Албек Ибраимов майлуу-сүттүү кызматтарда иштей баштаган. 2010-11-жылдары Бишкек эркин экономикалык аймагын, 2011-12-жылдары “Дастан” ишканасын башкарган. 2012-13-жылдары президенттик аппараттын жетекчи орун басары болуп дайындалган. 2013-жылдан Бишкек шаарынын башчысы болгонго чейин “Манас” эл аралык аба майданын башкарып келген.

Албек Ибраимов “Дастанды” жетектеп турган мезгилде заводдун ири суммада акчасы шайлоого мыйзамсыз жумшалганы боюнча, ал эми “Манас” аба майданын жетектеп турганда жардамчыларына ири суммада акча бергени боюнча жаңжалдар чыккан.

Ошондуктан айрым серепчилер  Албек Ибраимовду тандоо менен Алмазбек Атамбаев борборду эң жакын кишилеринин бирине тапшыруу чечкен, бирок бүгүн өлкө башчысы Атамбаевден айырмаланып шаар башчысын тандоону шаардык кеңештин депутаттарына жүктөп жатканы жакшы саамалык. Бир фракциядан экенине карабай мэрдин ишмердүүлүгүнө өз бааларын бере алган депутаттар борбор калаага татыктуу башчы тандай алат деген ойлорун айтышат. Балким. Бирок кыргыз саясатында мындан кийин Албек Ибраимов деген ысымдын кайрадан “жаңырбашы”  бүгүн баарына белгилүү.

 

Булак: Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *