Албек Ибраимовго 250 миң доллар накталай берилгендиги сотто айтылды

    Мезгил

Бишкектин Ленин райсотунда Кубанычбек Касымбековдун төрагалыгы астында эки мурдагы мэрлер: А. Ибраимов жана К. Кулматовдун иштери боюнча сот иштери уланып жатат. Бул жолу ТУК «Дастанга» атайын тетиктерди сатып алуу боюнча «Дастан Инжиниринг» ЖЧКсынын мурдагы башкы директору Асылкүл Сасыбаева көрсөтмө берди.

2012-жылы ал кездеги «Дастандын» башкаруу тобунун төрагасы А. Ибраимов менен Асылкүл Сасыбаева атайын тетиктерди сатып алуу боюнча келишим түзүшөт. «Дастан Инжиниринг» ЖЧКсынын негиздөөчүлөрү ТУК «Дастан» жана Украин жараны Сергей Шумовдор болушкан.

Эки ишкананын ортосундагы алгачкы келишимге 2010-жылы кол коюлган. Асылкүл Сасыбаеванын көрсөтмөсүндө келишимдин наркы – 320 миң $ болуп, ал кезде ТУК «Дастанды» Алексей Ширшов жетектеп турган. Бирок келишимди ишке ашырууга келгенде 2012-жылы Альбек Ибраимов кол койгон. Анткени 2011-жылы Шумов Skype аркылуу келишимди узартууга буйрук берген. Документ катталгандан кийин ал (Шумов) кайрадан чалып, келишимди кайрадан түзүү керектигин, анткени сумма өзгөрөндүгү тууралуу айтат. 2011-жылдын мартында Сергей Шумов менен Албек Ибраимов жолугат. Сасыбаева келишимдин суммасы эмне себептен өзгөргөндүгү тууралуу билбей тургандыгын, ал кол койгон кезде Албек Ибраимовду көрбөгөндүгүн, анын колу келишимде ага чейин коюлуп тургандыгын айтып берди.

Асылкүл Сасыбаева келишимдеги каражат алардын эсебине которулган учурда Сергей Шумов Албек Ибраимовго 250 миң $ берип коюуну өтүнгөн. «Шумов 150 миң $ сыйлык, ал эми 100 миң $ кандайдыр бир көйгөй жаралгандыгы үчүн керек болуп атыптыр деген. 2012-жылы 23-апрелде А. Ибраимовго кирсем жалгыз экен, «Бул жерде Шумов берген акча бар» дедим. Ал мага столго сумканы кантип коюу тууралуу көрсөттү. Мен анын буйруганын жасадым» – деди Асылкүл Сасыбаева сотто.

Ошондой эле күбө Албек Ибраимовдон акча берип жаткан учурда эч кандай кол кат албагандыгын айтты. Ал эми 150 миң $дын 30 пайызы ТУК «Дастандын» акционеринин кирешеси катары экендиги туралуу кошумчалады. Сот төрагасынын акча эмне үчүн берилгендиги тууралуу суроого, аны эки жетекчи гана биле тургандыгы тууралуу жооп берди.

Ал эми тергөөнүн версиясы боюнча күбө Ибраимовго бул акчаларды накталай бербестен, компаниянын эсебине которуп коюусу керек болгон. Эки ишкананын келишиминен мамлекет чоң суммадагы зыян тарткан.

Ошентип Атамбаевдин командасынын коррупциялык иштеринин бети сотто ачыла баштады.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *