Албек Ибраимовго карата дагы бир кылмыш иши козголду

Мезгил

УКМКдан билдиришкендей, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 21-июлда Бишкектин мурунку мэри Албек Ибраимовго карата дагы бир кылмыш ишин козгоду.  

Маалымдалгандай, экс-мэр өзүнүн кызматтагы абалынан пайдалануу аркылуу мэриядагы башка кызматкерлер менен бирге Бишкектин түштүгүндө жайгашкан жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүштүргөн. Алар жер тилкелерин атайын дайындалган адамдарга каттап, алар аркылуу башка адамдарга сатышкан. Натыйжада мамлекеттик бюджетке оор чыгым келтирилген.

Аталган окуя боюнча  Ибаримовго “коррупция” беренеси менен жаңы кылмыш иши козголду.

Эске салсак, Ибраимовго буга чейин «Дастан» ишканасын башкарып турганда 270 миң доллар мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда бюджетке 152 млн сомдон ашык чыгым келтирген деген айып менен кылмыш иштери козголуп, 19-июлда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Булак:Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *