Алга Кылычев Бабановду «агартуу» аракетин жасаган

Мезгил

Кыргызстанга кайтып келген Өмүрбек Бабанов эмне эле ээн-эркин басып, тайраңдап жүрөт десе, ага козголгон кылмыш ишин токтотуу боюнча канкор Атамбаевдин жөкөрлөрүнүн бири Алга Кылычев эбак эле кам көрүп коюптур. Тагыраагы Алга Кылычев УКМКга жана коомчулукка кайрылуу жолдойт. Анда «… Өмүрбек Бабановдун Он-Адырда сүйлөгөн сөзүнө карата менин «Эл сакчы» Коомдук бирикмесинин атынан 1,5 жыл илгери КР БШКга жазган арызымдын негизинде иш козголот деген маалымат түрткү болду. Мен жогорудагы 1,5 жыл мурун жазган арызымдын артка кайтарылышын жана жокко чыгышын талап кылам.» деген жерлери бар. Андан ары «Буга байланыштуу мен төмөнкүлөрдү баса белгилегим келет:

1) Мен кимдир бирөөлөрдүн саясий куралына айлангым келбейт.

2) Мен мыйзамды сыйлаган жаран катары 1,5 аралыгында Бабановго карата эч кандай иш козголбогонун жана бир канча эксперттердин улуттар аралык касташууга чакыруу же козутуу болгон эмес деп чыгарган чечими бар экендигин баса белгилеймин.

3) Белгилеп кете турган нерсе – ошол кезде эч ким жабыркаган эмес.

4)  Менин кайрылуума шайлоодо башаламандык чыгарууга аракеттенген деген айыптоо менен кармалып соттолгон ЖК депутаты Канат Исаев баштаган адамдардын бүгүн абактан акталып бошотулушу да түрткү болду.

5) Шайлоонун жыйынтыгын таанып, эч кимге зыянын тийгизбей, өлкөдөн чыгып кеткен Өмүрбек Бабановдун жигитчилиги деп эсептеймин.

6) Менин принцибиме жыгылып кайра турган адамды тепкилөө туура келбейт. Бабанов мага каршылаш болсо да, ага карата эч кандай симпатиям болбосо да ага карата добуш берген Кыргызстандын 600 миңден ашуун шайлоочусунун тандоосун жана каршылаш тараптын чынчыл болгонун сыйлаймын.

7) Мамлекетте болуп жаткан мыйзамсыз аракеттерди, анын ичинде КСДП партиясын тартып алууга ачыктан-ачык аракет жасап жаткандарды эч качан колдобоймун жана мунун баарын мыйзамсыз деп эсептеймин. Тескерисинче, демократиялык принциптердин негизинде чынчыл атаандаштыктын болушун жана мыйзамдын ар бир тамгасын сыйлаган жаңы саясий элитанын болушун колдоймун!

Алга Кылычев (колу) Бишкек, 10.04.2010

Баштаба, баштагандан кийин артка кадам таштаба деген сыяктуу Алга Кылычевдин Бабанов боюнча иштин башын былгытып алып, кайра артка качкандыгында эмне себеп бар?

Биринчиден, Алга өзү жазгандай алгач Бабанов КСДП үчүн суунун аркы жээгиндеги киши болгон. Сооронбай Жээнбеков президент болуп келгенден кийин өлкөдөгү саясий абал өзгөрүп, КСДП талашка түшүп, Атамбаев жээкке сүрүлөт. Мурда Асылбек Жээнбековго коомдук башталышта кеңешчи болуп турган Алганын ЖКдан берилген №2 күбөлүгү жокко чыгарылып, Атамбаевдин көлөкөсүнө өтө качат. Алга Атамбаевдин активдүү жөкөрүнө айланып, анын урматына бүгүн абакта олтурат. УКМКга жана коомчулукка жолдогон кайрылуу Атамбаевдин Бабанов менен жең ичинен алгачкы сүйлөшө баштаган учурларына, жаз айларына туура келет. Алга Кылычев, Атамбаев менен Бабановдун ортосунда ортомчулук кызматты аткарган.

Экинчиден, жемсөөсү жука Алга Кылычев, Өмүрбек Бабановдон бул кызматы үчүн материалдык жардам алышы мүмкүн. Кайрылуу менен Бабановго козголгон ишти жокко чыгарууга аракет жасап, анын өлкөгө кайрылып келүүсүнө шарт түзгөн.

Үчүнчүдөн, Бабанов КСДПга жат киши эмес, бир бутак алыстап кеткен өз киши, мурда Атамбаев менен партияда үзөңгүлөш, оппозицияда катарлаш жүргөн, бийлик бутагында да бир нече ирет кезигишип, бирге иштешкен. Учурунда Бабанов КСДПдан парламентке депутат болуп шайланганда ага карата «казак жараны» деген айып тагылып, соттон жеңип чыгат да, ордун депутат болом деп кезекте турган Роза Отунбаева апчесине бошотуп берген. Кийин заман өзгөрүп Роза Отунбаева утурумдук президент болуп турганда бул жасаганын эселеп кайтарып алган.

Төртүнчүдөн, Алга Кылычев «Белгилеп кете турган нерсе – ошол кезде эч ким жабыркаган эмес» – дейт. Бабанов Он-Адырда сүйлөгөндөн кийин 2010-жылы Ош окуясына күбө болгондордун кан басымы көтөрүлгөн. Ал тургай агрессивдүү маанайдагы жарандар көчөгө курал көтөрүп чыккан учурлары болгон. Бул эмне, эчтемке эмеспи? Элдин кыжырын кайнатып алып, анан убакыт өткөн соң кар жаады, из басылды дегендикпи?

Канткен менен Атамбаевдин жөкөрү Алга Кылычевдин бул каты, Атамбаев менен Бабановдун убагында тымызын байланышы болгондугуна чоң далил болуп бере алды.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *