Алмамбет Матубраимов Текебаев боюнча: Жаза өтөө мөөнөтүн эч ким актап, эч ким чече элек

 Мезгил

  Кечээ, 29-августта  Биринчи май райондук соту  “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновду үй камагына чыгарды.  Эки саясатчыга карата буга чейинки Жогорку сот тарабынан өкүмдөр жокко чыгарылганы негиз болду.  Бул сот адилеттүүлүгүн орнотуу аракетиби же өлкөдөгү саясий кырдаалдан улам ушундай чечим болдубу? Бул тууралуу Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Алмамбет Матубраимов жаза өтөө мөөнөтүн эч ким актап жиберген жок деген пикирин билдирди.

-Саясий деген нерсеге мен макул эмесмин. Саясат өзүнүн өндүрүшү менен жүрүп жатат. Саясат деген өтө начар ыплас нерсе муну баардыгыбыз билебиз. Бул жерде айтканда Жогорку соттун чечими кабыл алынган жок. Жогорку сот биринчи инстанцияга кайрадан  кайтарды. Бул мыйзам ченемдүүлүктүн бир шарты. Кое берип кою мүмүнчүлүгү жок бул жерде. Ошондуктан Биринчи май райондук соту буга чейин соттогон болчу ошол кездеги сот   системасы ошол бойдон. Мүмкүн азыр сот реформасы жүрүп жатканына караштуу  Биринчи май райондук сотуна жөнөткөндөн кийин булар азыр үй камагына чыгарды.

Ал эми жаза өтөө мөөнөтүн эч ким актап, эч ким чече элек ал маселени.   Себеп кандай болгондо дагы бул соттун калыстыгы. Ошол кездеги мүмкүн атайын, байланышкан балким шайлоо боюнча макулдашылган. Эми биз айткан кишилерди жамандай берсек боло бербейт. Мурунку президент “Текебаевди бекер эле отургузуп койгон экенбиз” деп айтып атат.    Бул жерде бир кишинин мамилеси менен мамлекеттик мамиле чечилбеш керек. Бул Кыргызстандын келечеги. Реформаларды түз жолго алып кетиш керек. Бирок айта кетиш керек эгемендүүлүккө 28 жыл болду. Ошол биз эгемендик алгандан бери ырааттуу, ырашкер мамлекеттин системасын түзө албай келе жатабыз-деди Матубраимов.

Белгилей кетсек, кечээ 29-августта Биринчи май райондук соту Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов үй камагына чыгарган.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *