Алмамбет Шыкмаматов: Абдил Сегизбаевди качырбаганга күч органдары милдеттүү

Мезгил.

Жогорку Кеңештин депутат Алмамбет Шыкмаматов “Марал” радиосунун түз обосунда элдин суроолоруна жооп берди.

Депутатка УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин ушул кезге чейин кармалбай эркиндикте жүргөнү тууралуу суроо узатылып, “Ал да качып кетпейби?” – деген ишенбөөчүлүк угарман тарабынан жаралды.

“Абдил Сегизбаевди качырбаганга күч органдары милдеттүү. Биз айттык, качырбагыла деп, калган иш күч органдарынын колунда. Анан мен кармап келмек белем?” – деди эл өкүлү.

Ошондой эле, депутат Кыргызстан качан гана эл шайлоодо добушун сатпай турган деңгээлге жеткенде гүлдөп-өнүгөөрүн белгиледи.

“Мен Кыргызстандын келечегине ишенем. 2005-2010-жылдардагы окуялар элдин күчү менен болду. Элдин касиети күчтүү. Булганган сууну булак тазалайт дегендей, бара-бара эл активдүү болуп, коом тазарат. Мен буга ишенем. Эң негизгиси шайлоодо элдин көзү ачылып, аң-сезими көтөрүлүп, туура тандоо жүргүзө башташса, накта даңгыр жолго чыгабыз. Азыр добуштарын 1000 сомго да сатып жатышпайбы. Убакыт келет, миллион сомго да сатпай калышат. Азыркы президенттин дили, ниети жакшы”, – деди Шыкмаматов.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *