Алмамбет Шыкмаматов: Атамбаевдин эки жүздүүлүгү көрүнүп, митайымданып жатат

Мезгил

“Ата Мекен” партиясы 2016-жылдан бери расмий оппозицияда. Оппозициянын да бир нече түрү бар: элдешкис оппозиция, экстремизмге жакын оппозиция, бийликти тааныгысы келбеген радикалдуу оппозияция. Ал эми биз парламенттик шайлоодо элдин колдоосу менен өтүп келген мамлекеттеги расмий оппозициябыз – деп баса белгиледи “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов.

– Биз системдүү оппозициябыз. Конституцияны тааныйбыз, парламентаризм үчүн ар дайым күрөшүп келебиз. Өкмөттүн чабал ишин, экономиканы, коррупцияны, сот реформаларын, кадр саясатындагы баш аламандыкты айтып келе жатабыз. Ал эми Асия Сасыкбаеванын “оппозицияга өтөбүз” дегени, биз мурдатан оппозициядабыз болгону радикалдашабыз деген мааниде айткан. Мурунку көч уланып, сот реформасы талкаланып жатат. Атамбаев Текебаевди 6 ай камаса, бул бийлик бир жарым жылдан бери камап отурат – деди Шыкмамтов.

Ошодой эле эл өкүлү “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевден Атамбаев корккон, бийликти кызганган, өзүм билемдик кылгысы келип, тең салмактуулукту сактаган адамды жок кылуу максатында камаган. Бүгүнкү күнү Атамбаев өзү өкүнүп, “Текебаевди камаганыма өкүнөм, камабай эле койсом болмок” деп байма-бай айтууда. Ал гана эмес ошол кезде өзүнүн прокурор, сот болгонун моюндап жатат деп кошумчалады.

– Атамбаев “Текебаевди камаганыма өкүнөм, бирок факты бар болчу” деген сөздү айтып жатат. Факты бар экенин ал кайдан билет? Демек бул ишти өзү көзөмөлдөп, камаганга буйрук берген. Маевскийдин калп айтканын факты деп жатат. Ал эми Атамбаевге Ш. Атаканов, Д. Сагынбаева, М. Арабаевдер берген көрсөтмөлөрдү саясий куугунтук дейт. Бул жерде Атамбаевдин эки жүздүүлүгү көрүнүп турат. Атамбаев “Текебаевди мыйзамсыз каматкамын” десе анда өзү жоопко тартылып калат.

Ошондуктан жөн гана комуз күүсү менен эле митайымданып жатат. Текебаев бүгүнкү күндө парламентте болсо, дегеле саясатта болгондо тең салмактуулук сакталмак. Ал Атамбаев менен тирешип турса дагы, аны азыркыдай ур-соккуга алганга мүмкүнчүлүк бермек эмес. Кандай болгон күндө да адилеттүүлүккө чакырып, парламентте Атамбаевдин ашмалтайын чыгарганга жол бермек эмес. Ошондуктан Атамбаев Текебаевди камаганына эми өкүнүп жатат – деди Шыкмаматов.

Алмамбет Шыкмаматов “Текебаев Атамбаев менен тирешип турса дагы, аны азыркыдай ур-соккуга алганга мүмкүнчүлүк бермек эмес” дейт. Бирок, Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын Өмүрбек Текебаев жетектеген “Ата-Мекен” партиясынын депутаты Каныбек Иманалиев жетектегени элдин эсинен чыга элек. Ал гана эмес Иманалиев, “Атамбаев Конституцияда жети нерсеге ант берсе анын алтоо бузулган. Кыргыз элинде антты бузгандарды эмне дейт? Кодекстин каргышы 10 жылдык болсо, анттын каргышы 100 жылдык. Биринчи ант бузулду, экинчи нарк бузулду”-деп Жогорку Кеңештин трибунасынан айтып чыккан.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *