Алмамбет Шыкмаматов Максаттагы абалды билбей туруп сүйлөп койду

  Мезгил

20-сентябрь күнү ЖКда жабык жыйын өткөрүлдү. Ошол замат Алмамбет Шыкмаматов сыртка чыгып, “Эки мамлекеттин ортосундагы келишимдердин аткарылышы боюнча маселелер курч экен. Анын объективдүү жана субъективдүү жактары бар. Көп маселе ошол Максат айылынан тажик жарандары элүүгө жакын үйдү сатып алып, үч-төрт жылдан кийин “бул биздин жер” деп доомат коюп жатканынан чыгып жатыптыр“, — деди.

Ал ошондой эле Кыргызстанда чек ара маселелери Конституция боюнча өкмөткө жүктөлсө, Тажикстанда чек ара маселелеринин баары президенттин колунда экенидигин айтып, андан сырткары, чек арада аткезчилик көйгөйү, айрымдар үй мүлкүн, документтерди Кыргызстан тарапка эмес, Тажикстан тарапка каттаткан учурлар бар экениндигин жашыра алган жок.

Бул жерде Шыкмаматовдун Лейлектин Максатына басып барып, ал жердеги көйгөйдү түпкүрүнөн иликтебей, маселени так түшүнбөй туруп популистик менен такталбаган маалыматты сүйлөгөнү күйдүрдү. Эгер билбесе Максаттагы маселени айтпай эле коюшу керек эле. Анткени:

1) Максат айылында эч кандай 50 үй тажик жарандарына сатылган эмес. Тажик жарандары эгемендүүлүк жылдарында Кыргызстанга тиешелүү жерди басып алып, айылдын ылдый чегине топтошуп, өз алдынча үй куруп алышкан. Кыргыздар курган бир да үй тажиктерге сатылган эмес. Муну Максат айылынын башчысы, патриот Сапарали Адинаевден сурагыла.

2) 1986-1993-жылдары  мен ал жерден бир нече жолу жөө өткөнмүн. Ал жерде эч кандай тажик үйлөрү жана Бахор деген тажик айылы болгон эмес. 1994-жылдан кийин тажик жарандары кыргыз адырларына баскынчылык менен үйлөрдү өз алдынча салып алып, чек арадан бизге карай кирип келген. Ошол учурда Аскар Акаев өзү келип чек арадагы Максат айылын ачып, 60 үй курдуруп, эл жашасын деп акысыз берген.

3) Акаев чек арага айыл ачкан учурда ага чейин биздин аймакка үй салып алган тажик жарандарына жарандык берип, үй-жайы менен Кыргызстанга өткөрүү боюнча маселе козголгон. Ал кезде алардын саны 50 үйгө жеткен эмес. Убакыт өтүп бул маселе чечилбей калган.

4) Тажик жарандары Максат айылынын этек жагындагы талаш болуп, чыр чыгып келген стадиондун ылдый жагында тыгыз отурукташкан. Үйлөрүнүн курулуш стили, дарбазасы, тосмолору бийийк болуп, кыргыздардыкынан айырмаланып келет. Ал эми Баткен облусунун башка айылдарында тажик жарандары тарабынан сатылып алынган үйлөр болгон болсо, бул башка маеселе.

Максатта тажик жарандарына үй сатылган эмес. Ал тургай Кулунду айыл өкмөтү бир нече жыл мурда тажик чабандарынын биздин аймакка салып алган мал сарайларын түртүрүп салган.

Албетте бул маалыматтардан депутат Алмамбет Шыкмаматовдун кабары жок болсо керек.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *