Алмамбет Шыкмаматов: Атамбаев Жээнбековдон өч алуу үчүн баарына барат

Мезгил

-Алмазбек Атамбаев 19-ноябрь күнү берген маегинде «Текебаевге байланыштуу мыйзамды карабай деле койсом болмок экенин мойнума алам… Мыйзам боюнча ал жерде баары далилденген, Текебаевдин деле тарапкерлери ошол миллион тууралуу сөз кылышкан. Бирок мен андай кылбай деле койсом болмок экен. Мен күч органдарына “баарын мыйзам чегинде жасагыла” деп талап койчумун» деп айтты. Мурдагы Ажонун «агынан жарылуусун» сиз кандай кабыл алдыңыз?

– Ачык айта алган жок. Бирок, туура эмес кылганын мойнуна алды. Сот, прокурор эмес өзү каматканын мойнуна алды. Эгерде ачык эле “Текебаевди ак жеринен каматып ийдим” десе, анда кылмышты өзү мойнуна алып алмак да.

Бирок “ак жеринен” дегенге батына алган жок. Себеби репрессия кылып, ак жеринен каматкан киши кылмышкер да.

Далайды көргөн саясатчы катары кылмышты мойнуна алып албайын деп, ошентип кутулду. Бирок, түшүнгөн кишиге сөздүн ток этээр жери “Текебаев ак жеринен отурат” деди.

-Алмамбет Насырканович, Атамбаевдин «азыркы бийлик Бакиевдин жолуна түшүп алды…» деген азыркы бийлике болгон баасына, сиз кандай баа берет элеңиз?

-Атамбаев Жээнбековдон өч алуу үчүн баарына барат. Ал ушуну так, кесе айтты. «Бакиевдин жолуна түшүп алды токтотпосом болбойт, саясаттан кетпейм», – деп.

Кубан Чороев: Ал өч алса да саясый талаанын мыйзамдары менен күрөшсө керек

Мен бул сөздүн төркүнүн так ушундай түшүндүм. Бирок, эл азыр Атамбаевди кабыл албайт. Атамбаев Кудай, тарых, тагдыр ыроологон миссиясын таза аткаралбады.

-Маевский камалды. Атамбаев дагы  «Текебаев ак жеринен отурат” ойду кыйытты. Эми «Ата Мекен» партиясы өз лидерине байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча кандай   кадамдарга барат?

– Маевскийдин кармалышы боюнча 20-ноябрда маалымат жыйын беребиз. Биз Текебаевдин ишин кайра карап чыгууну, адилеттүү өкүм чыгарууну суранабыз жана талап кылабыз. Анткени Маевскийдин шылуун экенине соттор ишенбей жүрсө, бүгүн 37,5 миллион доллар талап кылып, түрмөгө отурганынан анын эл аралык шылуун экенин билсек болот. Ошол шылуундун сөзүнө ишенип, биздин сот Текебаевди ак жеринен камап жиберди.

 Эл аралык шылуундарга ишенип, өзүбүздүн саясатчыларды ак жеринен камай берсек адилеттүү эл, күчтүү мамлекет, таза коом боло алабызбы?

Сырттан киллер жалдагандай чет өлкөдөн шылуундарды жалдай берсек эгемендүү эл боло алабызбы? Ошондуктан биз буга бөгөт коюп, адилеттүүлүктү талап кылабыз.

Булак: Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *