Алманбет Шыкмаматов: Соттордо реформа болмоюнча эч качан мыйзамдын күчү орнобойт

Мезгил

Кечээ, 21-августта Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдордун соттук иши жаңы жагдайлардын негизинде жокко чыгарылып, 1-май райондук сотуна кайра кароого жиберилди. Мындай чечимден кийин коомчулукта соттордун адилеттүүлүгү туурасында кызуу талкуулар жүрө баштады. Чындыгында соттун мындай кадамдары адилеттүүлүктөн кабар береби, же жогору жактан буйрук келдиби? деген суроолор жаралууда. Эмнеси болсо да кечээ соттордун адилеттүүлүккө кадам таштаганы байкалды. 

Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Алманбет Шыкмаматов: “Бардык жакшылыктардын булагы сот реформасы. Азыркы учурда Кыргыз мамлекетине сот реформасы аба менен суудай керек” – деген пикирин билдирди. 

– Сот реформасы болуп, соттор адилеттүү иштегенде гана  эл ишенимин актап, мыйзамга баш ийип жана мыйзамды туу тутуп иштеп калышат. Ошондо гана  мамлекетте мыйзамдын жогорку күчү орноп, бийликтин кадыры өсөт. Карапайым калк бийликке ишеним арта баштайт. Мыйзамдын жогорку күчү орногон коомдо темирдей тартип, адилеттүүлүк жана экономика өсүп элдин бакубат жашоосу камсыз болот. Мыйзамдын жогорку күчүнүн орношунун башатында биринчи кезекте сот реформасы турат. Соттордо реформа болмоюнча эч качан мыйзамдын жогорку күчү орнобойт. Ошондуктан суунун башы булак дегендей, бардык жакшылыктардын булагы сот реформасы – деди Шыкмаматов.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *