Алматы — Ош — Алматы багыты боюнча чартердик аба каттамы ишке кирди. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.
Маалым болгондой, аталган багыт боюнча каттамдар жума сайын шейшемби күндөрү аткарылып турат.
Буга чейин аталган чартердик каттамды ачуу боюнча жүргүнчүлөрдөн көп сунуштар келип түшкөн.