Алмазбек Акматалиев: “Кремлдин айткан сунушун Атамбаевди Москвага жандап барган айымдар мажбурлап четке кактырышкан”

    Мезгил

Коомдук ишмер Алмазбек Акматалиев экс-президент Алмазбек Атамбаев Москвага барганда Кремлдеги досторунан эң сонун сунуштарды уккан. Бирок, анын жандап барган айымдар ал сунуштарды четке какканга мажбур кылышкан дейт.

– Мага жеткен маалыматтарга караганда Атамбаев Москвага барганда Кремлдеги досторунан эң сонун сунуштарды уккан.  Бирок аны менен кошо барган айымдар АШАга ээ-жаа бербей, ал сунуштарды четке какканга мажбур кылышкан экен! Москванын аэропортунан тосуп алган Чоң досу (ред. Андрей Белянинов) да кийин өзүнүн шефтеринен тепки жеген, биздин акылга кошулбагандан кийин муну эмне алып келдиң деп. Уккан кулакта жазык жок дейт. Бирок, чындыка жакын элеби деп койдум -деген ойдо экен Акматалиев.

Атамбаевди Москвага Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова, Кундуз Жолдубаева деген үч сулуу айым коштоп барган. Ал эми Атамбаевге Кремлде кандай баалуу сунуш айтылганын А. Акматалиев да ачык айтпаптыр. Сыягы айтылган сунуш чоң сыр окшойт. Жандоочу кийик аттырат дейт, Атамбаев Кремлге барарда жанына дурусураак жандоочу тандап албаптыр да. Ажылдаган аялдар анын башын айлантып, жолдон адаштырган тура. Натыйжада кандай жагымсыз окуя болуп кетти, 7-8-август окуяларынын отунун табы али сууй элек.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *