Алмазбек Акматалиев: Ал кезде баардык чечүүчү жерде Сапар баштаган Атамбаевдин желдеттери отурган

    Мезгил

   5-августта Нарындагы  Солтон-Сары кениндеги кытайлык компания менен жергиликтүү элдин ортосунда чыр чыгып, андан 50гө жакын адам жабыркаганы айтылды. Нарын районунун эли кытайлык «Zhong Ji Mining Company» кен иштетүүчү компаниясынын ишин токтотууну талап кылууда. Ал эми бул жаңжалдан улам, Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек  Боронов менен Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Солтон-Сарыга барып, элдер менен жолугушту.  Алардын талаптарын уккан соң, Солтон-Сары кениндеги «Zhong Ji Mining Company» тоо-кен компаниясынын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулганын Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов айтты.  Бул туурасында коомдук ишмер Алмазбек Акматалиев фейсбуктагы баракчасына мындай деген пикир калтырды.

 -Эң кызыгы: Солтон-Сары боюнча эң акыркы лицензия 2018-жылы 9- февралда алынган экен да! Эсиңерде болсо, бир күн мурун, 2018-жылдын 8-февралында Коопсуздук Кеңештин отуруму болгон. Ал отурумда Жээнбеков биринчи жолу АШАнын убагындагы чоң коррупция болгонун тастыктап, биринчи соккуну баштаган! Ошого карабай эртеси 9-февралда лицензияны узартышкан экен да Сапардын балдары!

Маселе ушул жерде туугандар! Ал кезде баардык чечүүчү жерде Сапар баштаган Атамбаевдин желдеттери отурган, керек болсо   УКМКда да…-дейт Акматалиев.

Ал эми аталган компанияга Солтон-Сары боюнча кенди иштетүүгө лицензия  2013-жылы 4-февралда  2033-жылдын 4-февралына чейин Атамбаевдин өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев тарабынан берилген.

Ошондой эле 2018-жылы 9-февралда Сапар Исаков өкмөт башчы болуп турганда  бул компанияга “Бучук” участогуна  алтынды чалгындоо үчүн уруксат кагазы берилген. 

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *