Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу Башкы прокуратуранын корутундусу чыкты

  Мезгил

Башкы прокуратура Жогорку Кеңешке экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу корутундусун жөнөттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин бүгүнкү отурумунда депутат Талант Мамытов билдирди.

Ал Башкы прокуратуранын бүтүмүн кароо маселесин күн тартибине киргизүүнү сурады.

 Эске салсак, экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча атайын депутаттык комиссия кабыл алган чечимди Башкы прокуратурага өткөрүп берген.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *