Атамбаевдин үйүнө Ички иштер министринин орун басары барды

Мезгил

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнө Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов  барды.  Ал Кой-Таш айылына ИИМдин тергөө тобунун жетекчиси менен чогуу барган.

Алмазбек Атамбаевге буга чейин ички иштер тарабынан 3- жолу чакыруу жөнөтүлгөн. Бирок ал суракка барбай тургандыгын айткан. 

Каниметов менен Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева жолукту. Ага тергөөчүлөр Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча иштин алкагында суракка алганы келишкенин айтышты. Жолдубаева  буга чейин келген билдирүү каттарынын баары мыйзамсыз экенин айткан.

  Каниметов журналистерге Атамбаевдин  үйүнө “сотко чейинки тергөө иштеринин алкагында” келгенин билдирди.

 Ал ошондой эле  “Атамбаевди күч менен алып баруу болобу?” деген суроого  “бардыгын тергөөчү мыйзам негизинде чечет” деп жооп берди.

Булак: Мезгил ньюс 

 

 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *