Алмазбек Атамбаевдин теги уйгур экендиги чынбы?

   Мезгил

Экс-президенттин көмүскө бизнесинин уйгур улутундагылар менен байланышкан жагдайлары

Атамбаев камакка алынгандан бери анын мамлекетти атасынан мурас калган менчигиндей калчаган бир топ коррупциялык иштеринин элге белгисиз болгон жагдайлары ачыктала баштады. Мурда болжолдуу айтылган сөздөр фактылар менен тастыкталып олтурат. Алардын айрымдары укук коргоо органдарынын тиешелүү бөлүмдөрүнө эбак белгилүү болсо да, тергөөнүн кызыкчылыгына ылайык жарыяланбай келген.

Биз кеп кыла турган нерсе Атамбаевдин айланасында болуп келген уйгур тектүүлөр жана өзүнүн да түбү уйгур деген маселенин тегерегинде болмокчу. Алгач анын уйгур улутундагылар менен болгон бизнес-байланыштары тууралуу кеп баштасак.

 Субихи Пархати – доллардык «мультимиллиардер» Атамбаевдин балапан бизнес-өнөктөшү

Атамбаев жеке кызыкчылыгын ишке ашыруу үчүн керек болсо шайтан менен да сүйлөшүүгө барган. Анын тегерегиндеги өзүнүн гана тилин уккан, чийинди аттабаган жансакчы, шофёр, катчы, таразачы, мородёрлор тууралуу буга чейин айтылып келген. Бир гана булар эмес Атамбаев чөнтөгүндө сокур тыйыны жок, аты-жыты белгисиз чет элдик, мурдун араң тарткан «чилиштер» менен да бизнес-шерик боло калган.

Субихи Пархати аттуу жаш жигит тууралуу ЖМК буга чейин жазып келген. Мына ошол 1991-жылы туулган «молокой» 2017-жылы «Форум» фирмасына өнөктөш болуп, «долларга мультимиллионермин» деп мактанып жүргөн Атамбаевге тең ата болуп чыга келет. Ал жылы Сооронбай Жээнбеков президент болуп жаңы шайланган эле.

Бул 26 жаштагы жигит менен Алмазбек Шаршенович кайдан таанышып, аны менен эмне себептен чогуу бизнес түзгөн? Субихи Пархатинин тегин изилдей турган болсок ал Кара-Балтада туулган кыргызстандык уйгур болуп чыкты. Ошондой эле интернет булактарынан ал кайсы бир убакта Россияда окуп, дагы бир убакта Казакстандын Астраханька айылында жашап тургандыгы боюнча маалыматтар бар.

«Мегакомдун» 100% акциясын сатып алгысы келген «АКА Минералз энд майнинг»

«АКА» компаниялар тобуна 20дан ашуун компания кирет. Алар дүйнөнүн бир топ мамлекеттеринде түрдүү кен казуу, мейманкана ж.б. ишкердиктин түрлөрү менен шугулданып келишет. Бизге белгилүү болгон маалыматтар боюнча «АКА» деген уюштуруучулардын ысыдарынан кыскартылып алынган сөз. Ал эми уюштуруучулар уйгур тектүү кишилер. Мына ошол «АКАнын» Кыргызстандагы бөлүмү «АКА Минералз энд майнинг» 2018-жылы 19-январда Мамлекеттик мүлк комитетинин төрагасы Ренат Түлебердиевдин атына «Мегаком» компаниясынын 100% акциясына ээ болуп, аны иштетүүгө кызыкдар болгондугу тууралуу кат жолдойт. Бул канча акча каражаты бар экендиги, каражат кай жактан келери белгисиз болгон, шектүү компания тууралуу коомчулукта чоң талкуу болот.

«Акылдуу шаар» долбооруна катышууга далбас урган «АКА Минералз»

2018-жылы январь айында Сапар Исаковдун өкмөтү “Хуавей” компаниясы менен «Акылдуу шаар» долбооруна кол коюп, ал 60 млн доллардык долбоорго эч кимге белгисиз «АКА Минералз» деген фирма катышаары айтылган. Коомчулукта «Бул кайдан келген фирма?» деген суроо пайда болгон. Анда да Эмират менен Германиядагы уйгур тектүү ысымдар негиздөөчү катары катталгандыгы байкалган.

Эң кызыгы Субихи Пархатидей эле, ошону менен тең, 1991-жылы туулган  Айбибула Нуермаймайти жана Айбибула Паливанмухаймайти деген жаш жигиттердин аттары чыккан. Ошондой эле Субихи Пархати дагы бир компанияга негиздөөчү болуп катталган. Ал ээлик кылган «Хуасинь» деген фирмага «Терексай» сурма кенин иштетүү лицензиясын аукциондон утуп алган. Ошол эле аукционго «АКА Минералз» компаниясы дагы катышып, бирок утулумуш болуп калганына карабастан «Хуасинь» фирмасы төлөөчү тийиштүү төлөмдөрдү «АКА Минералздын» жооптуу кызматкерлери төлөп турганы факт. Мисалы, Токтосун Түмөнбаев аттуу кызматкер 2016-жылы 29-июнда «Хуасинь» компаниясынын атынан 900 миң сом бонус төлөмүн мамлекетке которуп, же болбосо ушундай эле башка төлөмдөрдү да жүргүзүп тургандары боюнча маалымат бар. Ошол эле учурда «АКА Минералз» компаниясы «Терексай Жаштары» аттуу фирманы негиздеп, ошонун атынан 500 млн доллардык сурьма кенине ээлик кылат.

Ал эми коомчулукта Алмаз Атамбаевдин өнөктөшү Субихи Пархати ээлик кылган Блок-17 менен кошо Кассан кен байлыгын чогуу «АКА Минералз» компаниясы бүгүнкү күндө иштетип атабы деген суроо туулат.

Анткени «АКА Минералз» компаниясы 2018-жылдын 7-январында «АКА Инвест» болуп атын өзгөртүп, негиздөөчүлөрүнүн каттары жаңыланат. Касым Муратович Курбанов жаңы негиздөөчү болуп чыга келет. Кызык жери булар “Акылдуу шаар” долбооруна өзүнүн 9 миллион долларын сарптамай болушкандыгы шек жараткан. “Бул жерде компания кандай коммерциялык пайда табууну көздөйт?” деген суроого компаниянын жетекчиси Курбанов, “Эч кандай пайда табууну көздөбөйт. Биз акчабызды долбоорго жумшап, кийини ал пайда бере баштаганда 5 жыл бою акчабызды пайызсыз чыгарып алабыз. Башкача айтканда кыргызстандыктарга акчабызды пайызсыз пайдаланууга беребиз” дегин кызык болгон. “АКАнын” «Акылдуу шаар» долбооруна катышуусу Бишкек ЖЭБинде чыккан авария чырынан улам жокко чыгарылган.

Булар Кыргызстандагы 2 сурма кенин иштетүүгө лицензияны аукциондон утуп алып, бюджетке 4,5 миллион долларды убагында төккөнбүз деп келишет. “АКА” тобу жалпысынан активдерибиз жарым миллиард доллардан ашык деп баалашат. Бирок мунун чындык экендиги да күмөн бойдон кала берген. Иши кылса жөнөкөй эле велосипед тээп жүргөн “чилиштер” Атамбаевдин бизнес-өнөктөштөрү болуп чыга келишет.

“Акылдуу шаар” долбоорундагы шек жараткан күмөндүү аракеттер

Айрым маалыматтар боюнча “Акылдуу шаар” долбооруна “АКАчыларды” “Бээжин Чина” компаниясы катышуучу катары чакырат. Анткени алар сунуштаган долбоордо 51 миллион долларды инвестиция катары кошуп, ал эми кыргыз өкмөтүнөн 9 миллион доллар кошууну сунуштайт. Чөнтөгү жука кыргыз өкмөтүндө бул акча жок болгондуктан сунуштан баш тартат. Анда “Бээжин Чина” “АКА” компаниялар тобунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 9 миллион доллар кошуу менен долбоорго катыш деп сунуштайт. Алар макул болушат. Ал эми 9 миллион сарптап, салынган каражатты 5 жылда пайызсыз кайтарып алууну максаттаган компаниянын “жаш жетекчилери” кимдер дебейсизби? Баягы эле Касым Муратович Курбанов, Субихи Пархати, Германиядан болсо 1991-жылкы Айбибула Нуермаймайти жана Айбибула Паливанмухаймайтилер экендигин дагы бир жолу эсиңиздерге салабыз.

Ал тургай “Мегакомдун” 100% акциясын сатып алгысы келген булар анын 200 миллион доллардан ашуун соттук териштирүү иштери, дагы 200 миллион доллардай акчаны мамлекеттин казынасына төлөп берүүдөн да качышкан эмес. Дегинкиси булар уюлдук операторду эмне максат менен сатып алгылары келишкендиги, андан канча пайда тапкылары келгендиги шектүү бойдон кала берген.

Атамбаев жана “граф” аттуу казакстандык олигарх Алижан Ибрагимов

Алижан Ибрагимовдун байлыгы 3 миллиард доллардын тегерегинде. Олигархтар Александр Машкеевич жана Патох Шодиевдер менен шериктеш бизнес алып барат. Мурда Казакстанда эле бизнесин өнүктүрүп келген болсо, кийин Африка, Чыгыш Европа ж.б. мамлекеттерге бизнесин жайылта баштаган.

Азыр Англияга элчи болуп кеткен Эдил Байсалов БШК депутаты Жаныбек Абировдун КСДПнын съездинде Атамбаевдин катарында түшкөн сүрөтүн сынга алган. Көрсө депутаттын атасына Бишкек ЖЭБине 50 миллион долларга Казакстандын шабыркүл көмүрүн ташыган “Прогресс компани” жана “Россвет компани” ЖЧКларынын ээси шаардык кеңештин депутатынын атасы, Болот Абиров болгон. Ал киши ушул жылдын июнь айында өлкөдөн качып кеткен. Көмүрдү кымбат баада ташып келүү, тендерди жасалма жол менен утуп алуу аркылуу 7 жылда өлкөгө 80 миллион доллар зыян келтирилген. Башкача айтканда казак көмүрү түз алып келүүдө 36 долларды түзө турган болсо, аны 53-56 доллардан жеткирип турган. Бир тонна көмүрдөн 18-20 доллар зыян келтирилип, 7 жылда 80 миллиондой зыян тартканбыз. Бул көмүр бизнесин Атамбаев өзү жеке көзөмөлүнө алып турган.

Бул 2 ЖЧКнын финансылык айлантуусу 699 миң сомдон ашпай туруп, жыл сайын 2-3 миллард сомдук көмүрдү Кыргызстанга ташып келип турган. Ал эми “Шубарколь Комир” компаниясынын 100% акциясы Алижан Ибрагимов, Александр Машкеевич, Патох Шодиевдерге таандык. Булар Алмазбек Атамбаевдин юбилейлик кечелеринде жана Чолпон-Атада көчмөндөр оюндары учурунда бирге болушкан.

Мындан сырткары бул олигархтардын Кыргызстандагы Жерүй сыяктуу алтын кендери, жана али иштетиле элек бир нече кендерге лицензия алып койгондугу тууралуу көп айтылат. Ал эми Чаткал районундагы сурма кенине Зилалиев арзандатуу менен лицензияны кармата берген, буга Атамбаев түздөн-түз көрсөтмө берип турган деген айыптар тагылып, камоодо жаткан эки жараныбыздын (Атамбаев менен Зилалиев) иштери териштирилип жатат. Чаткалдагы сурма кени тууралуу айтканда баягы эле Субухи Прахатинин “Хуасинь” компаниясынын башы чыгып жатпайбы?

(Уландысын “Алмазбек Атамбаевдин теги уйгур экендиги чынбы?” 2-макаладан окугула)

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *