Алты ай ичинде республикалык бюджеттин тартыштыгы 1 млрд 847.6 млн сомду түздү

Мезгил

Ушул жылдын алты ай аралыгында республикалык бюджеттин тартыштыгы 1 млрд 847.6 млн сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Маалыматта, республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 62 млрд 927.7 млн сомду түзсө,  чыгымдар 64 млрд 775.3 млн сомго жеткени айтылат.

Алты ай ичинде мамлекеттик бюджеттке жалпы 70 млрд 622,7 млн сом түшкөнү менен чыгаша бөлүгү  70 миллиард 980,2 миллион сом болгон. Ошентип, жарым жыл аралыгында мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы 357.4 миллион сомго бааланууда. Ал эми жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 9 млрд 948,8 млн сом болсо, чыгашалар 8 млрд 458,6 млн сомду түзгөн.

Эске салсак, Президент кол койгон Кыргызстандын 2018-жылга бюджети боюнча мыйзамга ылайык, кийинки жылдагы казынанын тартыштыгы 20 миллиард 267,1 миллион сом деп бекитилген. Анда 2018-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 140 миллиард 882,2 миллион сом болсо, чыгаша 161 миллиард 149,3 миллион сомду түзөрү айтылган.

Ал эми 2017- жылдын бюджетиндеги тартыштык 21 миллиард 444 миллион сомду түзгөн эле.

Булак: Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *