Алтынай Өмүрбекова окуучу балдар жөнүндө айтылган маалыматты четке какты

Мезгил

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова аны 2,5 саат күткөн окуучу балдар жөнүндө жазылган маалымат тууралуу комментарий берди.

 Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбук баракчасы аркылуу билдирди. Кара-Суу районунда мектептин ачылышы түшкү саат 12.00гө белгиленген. Өмүрбекова ал иш-чарага саат 11.20да барган, 10 мүнөт өткөндөн кийин эле иш-чара башталган.

Өмүрбекова мындан тышкары, окуучуларды тизип коюу боюнча тапшырма берилбегенин белгилеп, 10 жылдан бери ачыла элек мектеп айыл үчүн маанилүү окуя болгонун айтат.

Эске салсак, айрым массалык маалымат каражаттары Кара-Суу районунда мектептин ачылышына вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекованын келишине окуучуларды даярдап, алар аны ысыкта 2,5 саат күткөндүктөн абалдары начарлаганын жазган.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *