Алымкул Үсөнбаевдин 125 жылдыгына арналган XIII Эл аралык “Айтыш 2019” акындар айтышы өтөт

Мезгил

Залкар төкмө акын Алымкул Үсөнбаевдин 125 жылдыгына жана Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына арналган XIII Эл аралык “Айтыш 2019” акындар айтышы өтөт. Буга өлкөнүн бардык аймактарынан акындар чакырылып, жаш курагы жана башка өзгөчөлүктөрүндө чектөөлөр болбойт. КТРКнын концерттик залында 20-августта айтыштын алгачкы тандоо туру болот. Ал эми жарым финал, финал Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт.

Мында тандалган 8 акын Казакстандан келген 8 акын менен айтышат. XIII Эл аралык “Айтыш 2019” акындар айтышына кош байге коюлат.

Иш чараны Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана Республикалык “Айтыш” коомдук фонду тарабынан уюштурат. Ал эми байге фонду 2 млн сомду түзөт.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *