Амангелди Муралиев: Бир да мэр мындай бакытка жете элек эле…

Мезгил

Албек Ибраимов өзүнө берилген мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдалана алган жок. Мындай пикирин мамлекеттик ишмер  Амангелди Муралиев билдирди.

Муралиевдин айтымында, Албек Ибраимов Атамбаевдин жакын кишиси. Мен  Атамбаев кызматтан кеткенде эле Албек Ибраимов дагы өз ыктыяры менен кызматтан кетсе туура болмок.

Бишкек шаардык кеңешинин Албек Ибраимовду Бишкек шаарынын башчылыгынан алуу тууралуу чыгарган чечимин туура деп эсептейм.  Албек Ибраимовго мындайча айтканда «повезло». Анткени, шаарга ушунча көп акча берилди. Мисалы, кытайдан келген насыя-гранттар, шаардын өзүнүн бюджети. Бир да мэр мындай бакытка жете элек эле да. Бирок ал бул нерселерди туура пайдалана алган жок, -деди Муралиев.

Мамлекеттик ишмер бир убакта бийликтин кызыкчылыгы үчүн шайланган Силаев мисал кылуу менен бирге, биз бир топ реформаларды өткөрүшүбүз керек. Ошондой эле шаар башчысын тандоого жоопкерчиликтүү мамиле кылуу керек –деп кошумчалады.

-Бишкек шаарынын башчысын тандоого аябай бир жоопкерчилик менен мамиле кылышыбыз кажет. Бул тууганым эле, бул партиялашым же бул мага берилген деп тандоодон алыс болушубуз керек. Эгерде элге жакын, ишти билген, чарбачыл потенциалы бийик, илим-билимдүү, иш-тажыйырбалуу инсанды шайлашыбыз керек. Мэр шайлоодо тандоо процесси, таллдоо процесси болушу керек, -деди Муралиев.

13-июлда Бишкек шаардык кеңеши Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алган. 19-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен ал иштен бошотулган. Ушул эле күнү ал бир нече кылмышка шектелип УКМКнын тергөө абагына камалган.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *