Америкада  Казакстандын жарандары “алдамчылык менен акча тапкан” деп айыпталууда

Мезгил

Америкада  Казакстандын үч жараны «алдамчылыкка» айыпталууда. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Андагы маалыматтарга таянсак, айыпталуучулар интернетке автоунаа сатыла тургандыгы жөнүндө жарыяларды жайгаштырып, алдангандардан алынган акчаны жалган компаниялар аркылуу АКШнын сыртына которуп турушкан. Бул схема 2016-жылдын ноябрынан 2018-жылдын июлуна чейин иштеп келгени айтылууда. Шектүүлөр мындай жол менен 4 млн долларга жакын акча табышкан.

Аталган өлкөнүн Юстиция министрлигинин билдирүүсүндө казак жарандарынан тышкары бул иш боюнча дагы 22 киши айыпталып жатканы, алардын арасында Азербайжандын, Грузиянын, Латвиянын, Түркиянын, Украинанын жана АКШнын жарандары бар экени айтылат.

Мыйзамга ылайык, айыпталып жаткан шектүүлөрдүн күнөөсү далилденсе 20 жылдан 30 жылга чейинки түрмөгө кесилиши мүмкүн.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *