Анар жүрөктүн иштөөсүн жакшыртат

Мезгил

Чыгыштан тараган анар бадал сыяктуу дарактарда өсүүчү мөмөлүү өсүмдүк. Жапайы анардын дарагынын бийиктиги беш-алты метр болсо короодо өстүрүлгөн анардын бийиктиги 1,5-2 метрге чейин жетет. Бутагы ичке ийне сыяктуу, жалтыраган жашыл жалбырактуу дарагы кызгылт-сары гүл ачат. Анардын бир мөмөсүндө 1000-1200 суулуу эт менен капталган уруктары болот жана алар 6-12 бөлүктүн ичинде жатат. Анын түшүмдүүлүгү анын түрүнө жараша бир түптөн 50-60-кг чейин түшүм берет. Анардын мекени болуп азыркы Тунис эсептелет.Учурда анарды Афганистан, Жакынкы Чыгыш, Иран, Испания, Италия, Греция, Франция, Португалия, Азербайджан, Армения, Грузия, Тажикстан жана Өзбекстанда өстүрүлөт.

Анардын пайдалуулугу

Анардын ден соолукка тийгизген таасири зор. Ал суусаганды басып, табитти ачып, канды көбөйтүп, көздүн көрүүсүн, эске тутуумду жакшыртат. Анар А, С, В1, В2, В5, В6, В9, РР, жана Е витаминдерине бай. Организмге керектүү фосфор, кальций, магний, темир, йод жана  натрий бар. Ошондой эле, тишти, муундарды сөөктөрдү бекемдейт жана ар кандай жаман вирустардан сактап, иммунитетти жогорулатат. Окумуштуулар анардын ширеси үндү күчтүү жана жагымдуу кыларын айтышат. Эгерде сиз ырчы болсоңуз, анда сахнага чыгаардан мурун бир стакан анардын ширесинен уртап алыңыз. 

Анардын сөөктөрү рак оорусун алдын алып, организмдин картаюсун жайлатат. Уйку качканда анардан жасалган чайдан ичип алсаңыз түнүңүз тынч өтөт. кант диабети менен жабыркаган адамдар күндө тамакка чейин бир стакан анардын ширесин ичип турса, кандагы сахарды төмөндөтөт.

Эгерде сасык тумоодон кутула албай жөтөлүп, мурун бүтүп, ангинаңыз кармаган учурда эң сонун жардамчы болот. Артериалдык кан басымды бир калыпка салып, жүрөктүн ашказандын жакшы иштөөсүнө көмөктөшөт.

Адистер, кош бойлуу аялдар жана  бала эмизген энелерге күндө 500 грамм анар жеп турууну сунушташат. Себеби, кош бойлуу учурда аял темирге муктаж болот. Ал эми дал ушул экзотикалык анардын курамында темир жана башка толтура витаминдер бар.

Анардын зыяндуу жактары

Бул жемиштин башка мөмөлөр сыяктуу эле зыян жактары да жок эмес. Анар ашказан жарасы, гастрит оорусунан жабыркагандарга сунушталбайт. Аны жегенде ширесин ичкенден кийин оозуңузду чайкап салбасаңыз тиштериңиздин эмалына зыянын тийгизиши мүмкүн.

Ашканада колдонулушу

Анардан ар кандай таттууларды, кыямдарды, ширелерди, вино соустарды, балмуздакты даярдоо үчүн колдонушат. Дагы ашпоозчулар аны тамактарды кооздоо үчүн пайдаланышат.

Булак: Мезгил ньюс

 

 

 

 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *