Анжелика: Сүйүктүүм колумду сурады. Ал мен “шок” болчудай нерселерди жасап жатат

Мезгил

Ар дайым коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруп, талкуу чордонунда жүргөн ырчы Анжелика Кайратова сүйүктүүсү колун сураганын бирок, макулдугун бере электигин айтты. Ал бул тууралуу “Курбум” жана “Кызганба” аттуу ырларынын клибинин бет ачаарында билдирди.

“Көрсө жанымда эле жүрүптүр. Бир жыл бою көз карашын салып, менин ар бир кадамымды карап  жүргөн экен. Бирок ошол инсандын мага болгон колдоосу, мага болгон ишеними мени бактылуу бир сезимдерге жетелеп жатат. Мени колдогон инсан керек деп акыркы интервьюларымда айттым эле, кызматташа турган инсанды таптым. Мага гүл берен инсан эмес, баш тамгасын инстаграмга чыгарып баштагам. Буюрса жакынкы менин досторумдун тойлоруна келем деп болбой жатат. Балким келип калат. Мен шок болчудай нерселерди жасап жатат. Колумуду сурады бирок, мен азыр ойлоном деп койдум. Канат болуп, тоо болуп берем дегенине бир эле жума болду. Бир башкача болуп, андай сезимдер келгенде суу иче албай калат экенсиң. –дейт ырчы айым.  

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *