Мезгил.
Ырчы Анжелика Бекболиева инстаграмга 101 роза кучактаган сүрөтүн жүктөдү. Ага «Розаны ким берди? -деп кызыксаңыздар, учурда жан дүйнөмдү жылытып, мага жакын болгон адамдардын биринен алдым», – деген комментарий калтырды.
Ырчы быйыл жолдошу ишкер Урмат Бекболиев менен сот аркылуу мыйзамдуу ажырашкан. Анын так себептери айтылган эмес. Бирок, коомчулук ажырашууга акыркы учурда ырчы тууралуу пайда болгон ушак-айыңдар себеп болгонун божомолдогон.
Анжелика Бекболиеваны Марат Назарбеков аттуу ишкердин жубайы “биздин үй-бүлөнү ажыраштырып жатат”, – деп күнөөлөп чыккан. Эки айымдын жаатташуусу көп убакытка созулуп, соцтармактагы айтышуулар акыры барып тынчыган.
Булак: Мезгил Ньюс