Ар кыл суроого, ар кыл жооп

Мезгил

Күлүк ат менен сулуу кызга суктанбаган жигит болбойт дегенге кошуласызбы?

Абдыгул Чотбаев, генерал: – Албетте, сулуу кыз менен күлүк атка суктанбаган жигит болбосо керек. Кулук атка аябай кызыгам. Жылкы баласына жакынмын, буга чейин жылкы багып, мал чарбачылыгы менен алектенчүмүн. Бирок азыр жылкы кармабай калдым. Буюрса асык тукум жылкыларды кармасам деген максаттарым бар. Ал эми сулуу кыздарга буга чейин эле суктанып келчүмүн, ушул күндору деле сулууларга суктанам. Сулуу кыздарды бир кылчайган адатым бар.

Убакыт достукту бекемдеп, сүйүүнү азайтабы?

Назира Айтбекова, алыпбаруучу: – Достук ысык-сууктан өткөн сайын болоттой курчуйт. Кандай кырдаал болбосун таштап кетпеген, бир тууганыңдан артык достор болот. Достукка да, сүйүүгө да туруктуумун. Өзүмдү унутуп, өзгөнүн оюн өйдө койгон адатым бар. Достукка катуу берилип, алтын ортону таап, өтө ысып кетпөөнү үйрөнө элекмин. Бирок достуктан көп күйдүм. Досторумдун бары чыгармачыл, ишкер адамдар. Кыздардан көп дос күтө албадым, досторумдун көбү мырзалар. Сүйүүнүн жалыны жыл өткөн сайын өчө баштайт. Балким башыма чыныгы сүйүү келе элек үчүн ошентип ойлойм. Албетте бактылуу сүйүүнү күтпөгөн адам болбойт. Көңүлүбүз канча калса дагы жүрөктүн түпкүрүндө сүйүүгө болгон ишенич, үмүт жашайт.

Сулуунун болбойт жүрөгү дегенде кандай карасыз?

Гүлсүн Бостонкулова, ырчы: – Сулуунун болбойт жүрөгү дегенге кошулбайм. Өзгөчө искусство адамдары сүйүүгө туруктуу таза жан дүйнөсү менен сүйөт. Жан дүйнөсү таза болгон адамдын көңүлү гүл болот. Албетте, ырчылар сырттан караган адамга сүйүүгө туруксуз көрүнүшү мүмкүн. Себеби жүрөгү таза адам ишенчээк болот. Ошол эле учурда ырчыларды ар кандай сындар, айың кептер көп ээрчийт. Биз ишенчээктигибизден улам сүйүүбүздү жоготуп алабыз.

Булак: Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *