Аралап шаар ичин басып жүрдүм. Гүлбакчаны сүйгөн мэр Суракматов

    Мезгил

Мындан туура бир жыл мурун Азиз Суракматов Бишкек шаарына мэр болуп шайланган. Анын бул кызматка келиши көптөгөн сындарды жараткан. Айрымдары ал эч неседен кабары жок, футбол көрүп жаткан жеринен эле Бишкек мэри болоорун билген деген сөздөрдү айтышканы маалым. Ал коомчулукка кыргыз тилинде сүйлөө жагынан аксагандыгы менен эсинде калды. Суракматов мэрликке талапкер болуп жатканда кыргызтесттен чуу жаратып өтүп, коомчулукту бир дүрбөлөңгө салган. Анткен менен бир жыл аралыгында эне тилинде сүйлөгөнгө жакшы эле аракет кылып жатканбы айтоор, аптап таптап, бир жерден жаңылып албайын деген таризде кыргызча сүйлөгөнгө алпурушуп жаткандай.

Анын мэрлик бир жылдык кызматында дээрлик сейил бактар, (парк) гүлбакча, скверлерге көңүл буруп, шаар тургундарынын алкоосуна алынып келе жататканы менен байкоого болот. Ошондой эле 2010-жылы өрттөнүп кеткен мурдагы Башкы прокуратуранын имаратынын ордуна да чоң парк курулаары айтылган. Ал эми жакында Эгемендүүлүк күнүнө карата Түштүк магистралдагы жаңы эс алуу паркы ачылганы турат.  

Албетте бир жыл аз убакыт. Азиз Суракматовдо өзүн жасаган иштери менен көрсөтүүгө дагы да мүмкүнчүлүгү бар деп ойлойбуз.    

Булак: Мезгил ньюс    

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *