Араван районунда 4 үй-бүлө 2 сотых жерде жашайт

Мезгил.

Араван районунда калк жерге муктаж. Айыл өкмөтүнө караштуу жер жергиликтүу элге бөлүнбөй жатат.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кубанычбек Урматов билдирди.

Айтымында, аталган аймакта турак-жай курууга ыңгайлашкан 20 гектар гана жер бар. Ал эми жерге таңсык адамдардын саны андан алда канча көп.

“Төрт үй-бүлө 2 гектар жерде жашаганга аргасыз болуп жатышат. Элди ойлош керек. Өкмөт протоколдук тапшырма берип, ушул маселени чечип бериши зарыл. Бул ишти Экономика министрлиги жана Адилет министрлиги барып чечиши керектигин айтышты. Барышсын министрликтер, өкмөт түзүп берген комиссиясына ишенбей калабызбы. Ал жерлерди жеке менчикке чыгарып берип жаткан жокпуз го. Эл куру дегенде көп кабаттуу үй куруп бергиле деп жатышат. Алар ошого да макул”, – деди депутат.

Ал белгилегендей, 20 гектар жер 250 үй-бүлөнү гана жер менен камсыз кылууга жетет. Ошондуктан, жергиликтүү эл жерди сарамжалдоо максатында көп кабаттуу үй куруп берүүнү өкмөттөн суранууда.

“Өкмөттүн айыл жергелерине көп кабаттуу үй куруу боюнча планы бар эмес беле. Аны ишке ашырууга убакыт келди. Мен бул маселе боюнча далай жолу кайрылдым, кайрыла берип уялып да бүттүм”, – деп кошумчалады депутат.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *