Арыстагы жарылуудан 2 адам каза таап, 165 адам жабыркады

Мезгил

Казакстандын Арыс шаарындагы №44856 аскер бөлүгүндө жайгашкан курал жарак сактоочу кампанын жарылуусунан 2 адам каза таап,  165 адам жабыркады. Каза болгондордун бири аскер кызматкери, экинчиси шаар тургуну болгон.

Ал эми жарылуудан жапа чеккендердин саны 165 адамды түзөт. Алардын 15и  жандандыруу бөлүмүндө болсо, 89у ооруканага жаткырылган. Ооруканага жаткырылыгандардын көпчүлүгү жаш балдар жана кош бойлуу айымдар.

 Белгилей кетсек, кечээ  24-июнь күнү саат 9.20лар чамасында Казакстандын Түркстан облусунун Арыс шаарында курал жарак сактоочу кампада жарылуу болгон. Кырсыкка туш болгондорду Коргоо министрлиги, ИИМ жана ыкчам кызматтын адистери эвакуациялаган.

Жарылууга аскер бөлүктөн чыккан өрт себеп болгон. Окуя болгон шаарда 43 миң калк жашайт. Алардын коопсуздугун облус акими Умирзак Шукеев өз көзөмөлүнө алып, элди 80 чакырым алыстыкта жайгашкан Шымкент шаарына жайгаштырышкан. Жапа чеккен калаага өлкө башчысы Касым-Жоомарт Токаев келип тез арада кырсыктан кыйраган шаарды оз калыбына келтирүү тапшырмасын берип, ооруканага түшкөн бейтаптар менен жолукту.

Ошондой эле Арыс шаарындагы жарылуудан улам Бишкек-Москва каттамындагы поезд чек арадан Бишкекти көздөй артка кайткан.  

 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *