Асановдун жактоочусу Айткулов депутаттарга кайрылат

 

Мезгил

Атамбаев менен сүйлошүүгө барган генерал-майорду экинчи бир генерал-майор «милициянын кызыкчылыгын сатып кетти» деп айып такканынан бери көп өттү. Бул экөөсүнүн тирешинен, эки дөө тирешсе ортодо бөөдө чымын өлөт дегендей эле болуп жатат. Биринчи жолу Курсан Асановдун жактоочусу Икрамидин Айткулов «алдамчылык» беренси менен айыпталып абакка жабылган жеринен кесиптештери сууруп чыгышты. Кийин Курсан Асановдун айдоочусун камашты. Эми Курсан Асановдун уулуна кезек жетиптир. Кызык жери буга чейин тергөөгө күбө катары чакырылбаган балага айыптоо берилип, ошол эле замат издөө жарыяланат.

Курсан Асановдун жактоочусу Икрамидин Айткулов тергөө кызматкерлери бир топ мыйзамга сыйбаган иштерди жасап жаткандыгын айтып келип, бул иш боюнча шыкак берип турган киши катары министр Кашкар Жунушалиевди тергөө иши бүткөнчө кызмат ордунан четтетип турууну дагы бир ирет айтып чыкты. Мурда бул талабын жактоочу алгач билдирип чыккан учурдан кийин камоого алынган эле.

Жактоочунун айтымында ИИМдин кызматкерлери Жазык-процесуалдык кодексинин нормаларын одоно бузуп жатышат. Айтсак:

1) Тергөөчүлөр маалыматты таратпоо тууралуу тил кат алып туруп, өздөрү тергөө үчүн зарыл болгон маалыматтарды коомго жайылтып келет.

2) «Бул берди, тигил алды» деп бекемдеген формада сүйлөшөт. Ал эми тергөө бүткөнчө эч кимди түздөн-түз күнөөлөгөнгө болбойт.

3) Иш прокуратурага берилгенге чейин эле Кашкар Жунушалиев ЖМК аркылуу Курсан Асановду «саткын» катары айыптаган маалымат тараткан. Анда тергөөчүлөр жабырлануучуну алгач «кылмышкер» катары кабыл алышып, андан соң күнөөсүн табууга кам уруп жатышабы?

4) Министрдин жасагандарына баа берүү үчүн жактоочу ЖК депутаттарына кайрылуу даярдап жатат.

5)  Маалымат жылчыгы кайсыл тергөө органдары аркылуу тарап жатат. Тергөө тобу бул үчүн жооп бериши керек.

6) Курсан Асановдун уулуна карата прокуратуранын материалы деп жайылтылып жаткан видео ким аркылуу монтаждалып, ЖМКга таратылган?

7) Курсан Асановдун уулу Мухаммед-Али эмне үчүн бир заматта эле издөөдөгү киши болуп чыга келген? Ал издөөгө алынганга чейин суракка качан чакырылды эле? Айыпталуучу катары кайсыл убакта билдирилген?

Булак: Мезгил ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *