Асель Кодуранова: Атамбаевдей президент келбесе бул биздин шорубуз

  Мезгил

Бүгүн 3-июнда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары форумдун алдына митингге чыгышты. Ага Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, Анвар Артыков, Асель Кодурановалар катышууда.

Ал эми Асель Кодуранова  сөз сүйлөп жатып, “Атамбаев тарыхта калчу президент” деди.

 “Алмазбек Атамбаев тарыхта калчу президент.   Бул киши алты жыл аралыгында көп нерсе жасады. Эл аны жакшы билет. Аны жарымыбыз түшүнүп жатабыз. Жарымысы азыр түшүнбөй жатат. Бирок убакытын өтүшү менен алар да түшүнөт. Ошондо өкүнөт Алмаз Шаршеновичтен кийин ушундай жакшы президент келсе анда жакшы. Келбесе бул биздин шорубуз” деди Кодуранова.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *