Асия Сасыкбаева: Коррупция жана куугунтук жагынан мурунку президенттин таза эместиги далилденди

Мезгил

Кыргыз мамлекети алты жыл ызы-чуусу жок, конституция боюнча жашап келдик. Болгону мурунку президентибиз жана анын жакындары элдин ырыскысын жеп, баюууну, басып алууну гана көздөштү. Бул туурасында бешинчи чакырылыштын депутаты Асия Сасыкбаева билдирди.

– Мурунку бийлик кызматын өз кызыкчылына пайдаланып, коррупцияга буруп алганы эми көрүнүп турат. Коррупция күчөп, ашып-ташып кетти. Бул нерсени конституциялык система деп айтканга болбойт. Ал адамдын мамлекетке болгон мамилеси билинип калды. Конституция жакшы эле иштеди, мамлекетке көп иштер жасалды. Бирок коррупция жана куугунтук жагынан бул адамдын таза эместиги далилденди. Конституцияны инстурмент катары карасак болот. Ошол инструментти жакшы ойносо да болот, жаман ойносо да болот. Ал инструментти ойногон кишиден көз каранды – деп түшүнгөнүбүз туура. 2016-жылы конституцияны канчалык талап кылсак да бузуп салышты. Бүгүнкү күнгө чейин кээ бир нерселер такыр чечилбей келет. Мунун баары конституцияны өзгөрткөндүн кесепети – деди Сасыкбаева.

Мындан сырткары Айрымдар “бизге президенттик башкаруу керек” дешет. Ал мезгилди да башыбыздан өткөрдүк. Канчалаган жерлер сатылып кетти. Мамлекетти бир адам чечкенде дайыма терс көрүнүштөр боло берерин кошумчалады мурунку депутат айым.  

– Ошондой эле 120 депутатты көп деп сындап келишет, бизге 40 депутат болсо жетиштүү дешет. Кырк депутатты сатып алыш оңой да. Өзгөчө биздин парламентке бизнесмендер келет. Алар үчүн акча биринчи оорунда турат. Ошондуктан 120 депутаттын ичинен жок дегенде 10 депутат эл үчүн иштеген, элге күйгөн депутаттар болушу  зарыл. Менин оюмда 2010-жылы чындыгында жакшы конституция түзүлгөн.

Кандай гана кырдаал болбосун мыйзамдуулукту сакташыбыз керек. Мыйзамда далили жок бир адам “менден акча алды” деп айтып койсо эле түрмөгө камап салыш керекпи? Мыйзам андайга жол бербейт. Бирок иш жүзүндө ушундай болду да – дейт Асия Сасыкбаева.

Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *