Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев каза болду

    Мезгил

Тунгуч президент Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев каза болду. Бул тууралуу 24.kg сайтына Акаевдин жакындары билдирген.

 Маалыматка караганда, 44 жаштагы Айдар Акаевтин жүрөгү токтоп калып, доктурлар жардам бере алган эмес.

 Айдар Акаев Москвада жеке ишкерлик менен алектенип келген.

Эске салсак, Аскар Акаев 2015-жылы 24-мартта элдик революциядан кийин Кыргызстандан чыгып кеткен. Тунгуч президенттин Бермет, Айдар, Саадат жана Илим аттуу балдары бар.

Айдар Акаев Чокубаев киноматографистердин үй-бүлөсүнүн кызы Сайкалга үйлөнгөн. Алардын эки баласы бар.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *