Аскар Мамин: Өкмөттүн алдында соода жүгүртүүнү 1 млрд долларга жеткирүү тапшырмасы турат

Мезгил 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстанга  расмий иш сапар менен келген Казакстандын  Премьер-министри Аскар Мамин менен жолугуп, сүйлөшүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы жана башка бир катар актуалдуу темалар талкууланды.

Анда Казакстандын Премьер-министри Аскар Мамин “Бул кызматташуунун бардык аспектилери эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө да багытталган жана  бүгүнкү өтүп жаткан Өкмөт аралык кеңешда биз үчүн чоң мааниге ээ. Эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин биргелешип иштеп чыгууга толук мүмкүнчүлүк бар. Өкмөттүн алдында кыска убакыт аралыгында  соода жүгүртүүнү жок дегенде 1 млрд долларга жеткирүү тапшырмасы турат. Менимче бул ишке ашырыла турган маселе деп ойлойм”- деди жыйында.

Ошондой эле жакында Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев расмий иш сапары менен Кыргызстанга келээри өкмөт башчылардын жолугушусунда маалым болду. 

Эске салсак, бүгүн  12-июлда Кыргызстанга расмий иш сапары менен Казакстандын Өкмөт башчысы Аскар Мамин келген.

Булак; Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *