Аскар Салымбеков Кытайга жардам көрсөтүү максатында 50 миң маска алып берет

 

Мезгил

Ишкер Аскар Салымбеков Кытайда болуп жаткан коронавируска карата кытай элине жардам көрсөтүү максатында  50 000 миң маска алып өзгөчө кырдаалдар министрине тапшырганын өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазды. 

-Акыркы убактарда биз, бардык дүйнө жүзүндөгү адамзаты, Кытайда болуп жаткан коркунучтуу илдеттин кулачын кең жайып, алаамат вирустан жабыркаган адамдардын саны күн санап өсүп жаткандыгына күбө болуп жатабыз. Бул көрүнүш башка Кыргызстандык жарандардай эле менин да тынчымды алып, кошуна мамиледе болуп келген коңшу кытай элинин башына түшкөн зор сыноону бирдиктүү чаралар менен жеңүү зарыл деген тыянактамын.

Бүгүн, биздин коңшу кытай элинин башына оор, кырдаал иш түшүп турганда, ар кандай туңгуюк ушактарга жол бербей, бүтүндүктү, достук мамилени көрсөтүү менен, сабырдуулукка чакырабыз.

Дордой Ассоциациясы кытай элине жардам берүү жана колдоо максатында 50 000 миң маска алып, ӨКМ тапшыруу чечимин кабыл алды.

Бул илдетке чалдыккандардын бардыгына тезирээк оорудан арылып, сакаюу менен бирге, бекем ден-соолук каалайбыз!- дейт Салымбеков.

Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *