Аскар Шадиевдин кызы Саадат “ата мурасын” мамлекеттен талашып

 

Мезгил

Кылар ишти кылып коюп, кыл жип менен бууп коюп, чек арадан аша качып, Тажикстан аркылуу АКШга жеткен Аскар Шадиевдин кызы кыйын чыгыптыр. Ал атасы качкан учурда камакка алынган мүлкүн кайрып бергиле деп өкмөткө өлө догурунуптур. Тагыраагы «Карвен четыре сезона» ЖЧКсына тиешелүү болгон мүлктү камактан чыгаргыла деп сотко арыз менен кайрылат.

Албетте укуктук мамлекетти курабыз деп жатканда жарандар мыйзамдын чегинде өз укутарын коргоого ала алат. Бирок бул ишке соттун шайтан оюну аралашкан кейиптенет. Саадаттын арызын Биринчи май райсоту канаатандырып берет. Ал эми Баш прокуратура баш болуп туруп буга каршылыгын көрсөтөт. Бишкек шаардык соту арызды карап чыгып, Саадаттын талабына тескери келген чечим кабыл алат.

Арыз берүүчү Саадаттын айтымында 2018-жылы 11-апрелде атасы Аскар Шадиев «Карвен четыре сезона» ЖЧКсынын негиздөөчүлөрүнүн катарынан чыгарылган. Ага байланыштуу «Карвен четыре сезона» ЖЧКсы атасына эмес, өзүнө тиешелүү болуп саналат. Ошондуктан 2018-жылы чыгарылган ЖЧКнын 33% акциясына болгон камоо алынып салынышы керек имиш. Тапкычтыгыңа баракелде Саадат. Укмуштуунун төөсү жорго дегендей шумдук жагынан атаңдан ашып түшүпсүң. Сен канчалык афёралардын жаңысын ойлоп тапканың менен, Аскар Шадиев эл атаң бизнесин качардан алдың сатып, сата албай калганын эбак эле башкаларга каттатып койгондугу тууралуу жакшы билет.

Деги эле Аскар Акаевдин тушунан бери иштеп келе жаткан, ал тургай Айдар Акаевге тиешелүү делген ишкананын үлүшү Саадат Шадиевага кандайча тиешелүү болуп чыга келди. Саадат Шадиева «Карвен четыре сезона» ЖЧКсынын 33% үлүшүн кайсыл акчага сатып алган? Жооп бере алабы? Балким анын жообунун деле элге кереги жоктур. Баары түшүнүктүү эмеспи?

    Булак:Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *