Аскердеги абал: жоокерлер бири биринин жаагын сындырышты

Мезгил. 

Кыргызстандын абадан коргонуу Күчтөрүндө эмгек өтөгөн эки аскер кызматкери кайым айтыша кетишип, андан ары муштум ойнотууга өтүшкөн. Окуя 22-сентябрда №97632 аскер бөлүмүндө конктрактык негизде кызмат өтөгөн сержант  Б.М. менен  К. уулу К. аттуу катардагы жоокердин ортосунда болгон.

Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мушташтын жыйынтыгында, сержант катардагы жоокердин  кулак түбүнө  чаап, жаагын сындырып салган. Жабырлануучуга ошол замат медициналык жардам көрсөтүлгөн. Учурда ал аскер госпиталында дарыланып жатат.

Бул факты боюнча абадан коргонуу Күчтөрү кызматтык иликтөө жүргүзөт. Ал эми жооптуу кызматтагылар тергөө учурунда кызматтан четтетилишет. Иштин материалдары Бишкек горнизонундагы Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

 

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *