Мезгил
Астанада шаардын аталышын Нур-Султан кылып өзгөртүү демилгесине каршы митингде 20 чакты адам кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, митингге чыккандар мэриянын имаратынын алдына чогулушкан.
Эске салсак, отставкага кеткен Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин урматына борбор калааны атоо сунушун жаңы өлкө башчы Касым-Жомарт Токаев берип, парламент аны колдоого алган.
Буга чейин Назарбаевдин урматына шаардагы аэропорт, көчө, университет сыяктуу объекттер аталган.