«Ата Мекен» партиясы азыркы абал жарандык согушка өтүп кетиши ыктымал экендигин эскертти

Мезгил

«Ата Мекен» саясий партиясы президент Сооронбай Жээнбековго билдирүү жолдоду. Анда күч колдонуп тирешүүнү токтотуу керектигин баса белгилешкен.

Партиянын билдирүүсүндө азыркы абал жарандык согушка өтүп кетиши ыктымал экендигин эскертет.

– Атамбаевди кармоо аракети туңгуюкка алып келди, адам өмүрү кыйылып, күч органдары тапшырманы аткара алган жок. Андыктан тирешүүнү тез арада токтотуп, маселени чечүүнүн башка жолдорун издөөнү зарыл – деп билдиришкен.

Эске салсак, 7-августта кечке маал Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлдү. Анда ок атылып, жай тургундар менен атайын даярдыктагы аскерлер жаракат алган. Алардын 22си УКМК кызматкери, 2 ИИМдин кызматкери, 23 жай тургун жаракат алды. Атайын кызматтын бир аскери каза болду.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген акыркы маалыматы боюнча, ооруканада жаткандардын саны 48ге жетти.

Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *