“Ата Журт”: Эл байлыгы – тынчтыкты, мамлекет байлыгы – туруктуулукту каалайбыз!

Мезгил

“Ата Журт” саясий партиясынын тең төрагасы Ахматбек Келдибеков менен Камчыбек Ташиев мекендештерибизди  Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу аталган партиядан билдиришти. 

Кадырлуу кыргыз калкым!

Сиздерди жаздын алгачкы деми менен жүрөгүбүзгө изги үмүт, асыл – тилектерди түнөткөн, жан – дүйнөбүзгө кут ыроолоп, жаңыруу менен аруулуктун илебин алып келген Нооруз майрамыңыздар менен «Ата Журт» саясий партиясынын жана өзүбүздүн атыбыздан  чын дилибизден куттуктайбыз!

Элибиз эзелтеден «Нооруз – жаңы Күндүн башталышы» деп бул майрамга өзгөчө маани берген. Ушул Улустун Улуу Күнү күн менен түн теңелип, жыл тогошуп, баба дыйкан үрѳн себип, элибиз көктөм менен жаз келгенине каниет кылып, ак-караны, чын-жалганды жеңет деп тилек кылган. Жаратканга, Тирүүлүккө, ѳз жаңылануусун жаңы баштаган Табиятка таазим этишкен.

Анткени, Нооруз – бул жаңылануунун майрамы, адам менен табияттын шайкештигинин майрамы, ыймандык тазаруу менен аруулануунун майрамы!

 Нооруздун эң башкы касиети – элди ынтымакка, достукка, ырашкерликке, боорукерликке, кечиримдүүлүккө үндөп келет. Жер жарылып көк чыгып, элибиз жер энеге, кутман талаага үрөөнүн сээп, молчулукту, токчулукту тилейт.

 

Урматтуу мекендештер!

Чыгыш элдеринин касиеттүү Нооруз майрамы менен баарыңыздарды чын дилибизден куттуктайбыз. Өлкөбүздө бейпилдик өкүм сүрүп, элибиздин келечекке умтулган тарыхтагы сапары байсалдуу болсун.

Ар бириңиздерге ыйман байлыгы – тазалыкты, жашоо байлыгы – бакытты, жер байлыгы – мээнетти, эл байлыгы – тынчтыкты, мамлекет байлыгы – туруктуулукту каалайбыз!

         Ылайым Нооруз майрамы бизге дем берип, жакшы тилектерибиз, асыл максаттарыбыз ишке ашсын. Бар бололу, бир бололу Нооруз майрамыбыз кут болсун!

Тереӊ урматтоо менен,

“Ата Журт” саясий партиясынын  теӊ төрагасы:  Ахматбек Келдибеков,  Камчыбек Ташиев.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *