Атахановду сурак учурунда «Тез жардам» алып кетти

Мезгил

Бүгүн, 18-июлда ИИМдин Тергөө кызматы мурдагы вице-премьер министр Шамил Атахановду суракка алган учурда саламаттыгы начарлап, “Тез жардам” чакырылып ооруканага жаткырылды.

Эске салсак, Шамил Атаханов 21-майда Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча камалып, кайрадан үй камагына чыгарылган.

Ал эми кримтөбөл Азиз Батукаевдин ак кан оорусуна чалдыкканы тууралуу аныктама берген деген шек менен беш медицина кызматкери жана ошол кездеги саламаттыкты сактоо министри сурак беришип, үй камагына чыгарылган.

Мындан сырткары ЖК депутаты Зарылбек Рысалиев сурак берүүдө.

Ошондой эле Батукаевдин иши боюнча мурдагы баш прокурор Аида Салянова 26-августка чейин абакта калтырылган. Ал эми бул иш боюнча мурдагы президент Атамбаев күбө катары суракка чакырылса, Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Бусурманкул Табалдиевге издөө жарыяланган.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *