Атайын ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке 1 миллиарддан ашуун акча топтолду

    Мезгил

2018-жылдын 2-июлунан 2019-жылдын 25-октябрына чейинки мезгилде бирдиктүү депозиттик эсепке 1 миллиард 668,5 миллион сом топтолду. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан — 769 миллиондон ашуун, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен — 313 миллиондон ашуун, Башкы прокуратурадан 597миллион сомдон ашуун, Ички иштер министрлигинен −7 миллион сомдон ашык каражат келип түштү.

Эске сала кетсек, бул эсеп экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу жана топтоштуруу үчүн ачылган. Президент Соорпонбай Жээнбеков чогулган каражатка мектеп курулаарын айткан. 

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *