Атамбаев Аксы окуясында курман болгондорго куран окутмай болду

Мезгил

Ушул жылдын 17-март күнү саат 11:00дө Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) партиянын катчылыгы отурган «Медиа-Форум» имаратында 2002-жылдагы Аксы окуясында курман болгондорду эскерүү митинги өтөт. Бул тууралуу аталган партиянын маалымат кызматы расмий билдирүү таркатты.

Билдирүүдө бул иш чарага  Алмазбек Атамбаевдин да катыша тургандыгы айтылат.

-Үй-бүлөлүк – кландык башкаруу режимдери менен болгон күрөштө курман болгондорду эскерели. Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Алмазбек Атамбаевдин, Кыргызстандын саясый жана коомдук ишмерлеринин катышуусу менен өтө турган иш -чарага бардык жарандарды чакырабыз-деп жазылат билдирүүдө.

Ал эми Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтынын алгачкы жылында элге кайрылуу жолдоп,  24-марттагы элдик революция эгемендүү Кыргызстандын соңку тарыхында өзгөчө орунду ээлей турганы, ушул күнү эл адилетсиздикке, мыйзамсыздыкка жана үй-бүлөлүк-кландык башкарууга каршы көтөрүлгөнү, бирок элдин үмүтү акталбай, революция максатына жетпей калганын билдирген.

– Элдин кызыкчылыгы тебеленип, мурдагыдан да катаал үй-бүлөлүк режим орноп, мамлекеттин байлыгы тонолду. Баш көтөргөндөр куугунтукталып, бийлик айрымдарын өлтүргөндөн кайра тартпады. Марттагы элдик революция элдин келечегин көздөгөн асыл максаттар дайыма коргоого муктаж экенин далилдеди. Эгемендүү мамлекетибиздин соңку тарыхындагы алгачкы элдик революцияны эстен чыгарууга акыбыз жок. 2002-жылдагы Аксы окуяларынан, 2005-жылдагы март элдик революциясынан сабак алууга милдеттүүбүз. Элдин эрки, апрель революциясынын шарапаты менен бизге экинчи ирет тарыхый мүмкүнчүлүк берилди – деген өз кайрылуусунда Сооронбай Жээнбеков.

2002-жылдын 17-мартында Аксыда бийликке каршы чыккан элге ок атылып, алты адам курман болгон. Анда ошол кезде камакка алынган депутат Азимбек Бекназаровду бошотуу жана Үзөңгү-Куушту Кытайга бербөө боюнча талаптар коюлган.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *