Атамбаев Албек Ибраимовго карата тергөөдө объективдүүлүк болоруна ишене албайт

Мезгил

Алмазбек Атамбаев «түшүнүү кыйын, кантип мамлекеттик бюджетке биринчи жолу миллиондогон пайда алып келген ТНК «Дастан» ишканасы боюнча Албек Ибраимовду күнөөлөп жатышат” – деп “таң” калууда.  Бул тууралуу КСДП партиясынын басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө айтылат.

Билдирүүдө Алмазбек Атамбаев, Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовдун ишинде чындык эске алынбай жатканын көрүп, Албек Ибраимовго карата тергөөдө да объективдүүлүк болоруна ишене албастыгын айткан.

Эске салсак, бүгүн  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ибраимовду буга чейин козголгон кылмыш ишине байланыштуу кармаганын билдирген.

Ал “Дастан” ишканасынын жетекчиси болуп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда бюджетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүк четинде беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар деп шектелүүдө.

Албек Ибраимов расмий 10-июлдан 8-августка чейин эс алууда экени кабарлаган. Бирок Бишкек шаардык кеңеши 13-июлда ага ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Бүгүн, башчы шаардык кеңештин чечимин колдоп Ибраимовду Бишкек шаарынын мэрлигинен алуу боюнча буйрукка кол койду. Мэрдин милдетин азыр анын орун басары Бакытбек Дүйшембиев аткарууда.

“Дастан” ишканасындагы мыйзам бузууга байланыштуу Ибраимов УКМКга 13-июнда сурак берип чыккан.

Ибраимовдун биринчи орун басары Ренат Макенов менен мэриянын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Урмат Мурзакановду УКМК 6-июлда жер мыйзамдарынын бузулушуна байланыштуу козголгон иш боюнча камакка алган

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *