Атамбаев: Азыр накта Абыке-Көбөштөрдүн заманы тайраңдап атат

  Мезгил

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Кой-Ташта тарапташтары жана манасчы Талантаалы Бакчиев менен жолугушуу учурунда Манас эпосу боюнча Радловдун алгачкы версиясын окуп чыккандыгын жана анда саткындык тууралуу жазылганын айтып бул тууралуу басып чыгарбагынына өкүнүп жатканын айтты.

 “Илгерки манасчылар түз айтышчу экен. Радловдун  версиясы азыркыга чейин чыкпай жаткандыгына кур намыстан көрүп атам.  Илимдер академисында деле бар да кур намыска алдырып алар да чыгарбаптыр, чыгарыш керек эле. Ар бир кыргыз билсин чоңдор оңолмоюнча бизде стакындык мода болот. Мына 1937-жылды алсак, Төрөкүл Айтматов болуп канча киши кеткен.  Ошондуктан миң жылдан бери кылымдан кылымга кете берет экен. Анткени саткынчылык уят нерсе, саткан адам жаман дегендин ордуна саткандарды көкөлөтүп бөпөлөп чоңойтуп өстүрүүдө.  Азыр накта Абыке-Көбөштөрдүн заманы тайраңдап атат. Эми аз калдыго деп атам” деди экс-президент.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *