Атамбаев: Бабанов акылдуу адам

  Мезгил

Экс-президент Алмазбек Атамбаев “Бабанов акылдуу адам. Менимче ал мындай кылмак эмес” деди. Атамбаев бул туурасынада  кечээ Кой- Ташта журналистердин суроосуна жооп берип жатып билдирди. 

“Шайлоодо  Бабановду колдобой койгонуңузга өкүнбөйсүзбү?” деген суроого

“Мен мындай болоорун билген жокмун.  Ал президент боло элегинде эле коңшу мамлекетке барып бата алып президенттикке чыккан адам кийин кимдин тапшырмасын аткарат. Бирок азыркыларды деле көрүп атам кийин Акаевге окшоп башын тоспосо болду. Кыргызстан кичинекей бай эмес мамлекет, бирок байыркы мамлекет. Кыргыздар эң байыркы эл. Өзүбүздү сыйлаш керек. Бата алсаң керек болсо элиңен ал, менден ал. Бабанов деле акылдуу жигит. Ал деле катасын түшүнүп жатса керек. Менимче ал мындай кылмак эмес” деди Атамбаев.

Белгилей кетсек, кечээ Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыраткан.

Булак: Мезгил Ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *