Атамбаев: Бакиевдер майрамдап, “агынан” көтөрүп жатышса керек

  Мезгил

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев күнүгө кечинде Кой-Таштагы үйүндө анын тарапташтары менен жолугууга чыгууда.

Анда журналистердин жана колдоочуларынын бир катар суроолоруна да жооп берүүдө. Кечээ да журналистердин суроосуна жооп берди. Анда аны колдоп өлкөнүн баардык аймактарынан келип жатканын айтты.

“2010-жылы да түндүк -түштүк деп бөлгүсү келгендер болгон. Мени колдоп келген Кыргызстандын баардык жеринен келген колдоочуларыма ыраазымын.  Ошол эле Оштон,  Нарындан, Баткенден, Жалал-Абаддан көпчүлүгү Таластан колдоп келишүүдө” деди ал.

Ал эми “сиз элдин алдына чыкканда дайыма Нарын менен Таластыктарга айканыңыз боюнча маселе көтөрүлөт ушул боюнча эмне дейт элеңиз?” деген суроого

“Нарын боюнча бул монтаж. Бул Бакиевдердин жасаган монтажы. Ошондуктан азыр Бакиевдер сүйүнүп майрамдап жатышат. “Сокеге рахмат, тапшырманы аткарды”  деп  берки агынан да көтөрүп атат деп ойлоп атам” деди Атамбаев.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыраткан.  

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *