Атамбаев: Чет өлкөгө барып келишим мүмкүн

Мезгил

Алмазбек Атамбаев мүмкүнчүлүк болсо 1-2 күнгө чет өлкөгө барып келиши мүмкүн. Бул тууралуу ал Кой-Таштагы үйүндө тарапташтары менен жолугушууда, журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

“Мүмкүнчүлүк болсо 1-2 күнгө гана чет өлкөгө мөөнөтсүз иштер менен барып келишим мүмкүн. Кайсы өлкөгө экенин азырынча айтпай эле коёюн. Учуру келгенде  өзүм же басма сөз кызматым баарын айтып берет. Бирок мен Кыргызстандан эч кайда кетпейм. Мени кетип калат деп ойлойбой эле коюшсун. Бул менин өлкөм, менин Мекеним. Мен эч кайда кетпейм”-деди Алмазбек Атамбаев.

Ошондой эле ал Алмазбек Атамбаев журналисттин «Чет өлкөгө болгон сапарыңыздын максаты кандай? Сиз эс алуу үчүн барганы жатасызбы, же?-деген суроосуна «Азыр элдин баары мен үчүн сар- санаа болуп жатса кайдагы эс алуу»- деп жооп берди.

Алмазбек Атамбаев кол тийбестиктен Жогорку Кеңештин 27-июндагы чечими менен ажыраган. Укук коргоо органдары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди «кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошотулушуна катышы болгон. Кой-Таш айылындагы үйүнүн жерин мыйзамсыз алган. Кылмыштуу жол менен табылган акчаны адалдаштырган компанияларга тиешеси бар.

Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча келишимге жана оңдоп-түзөөдөгү коррупциялык иштерге аралашкан. Бишкекке көмүр жеткирүүчү компаниянын кызыкчылыгын коргогон» деген негиздер боюнча суракка алууну көздөп жатат. Жогоруда аталган иштердин баары Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ал эми ушул жылдын 3-июль күнү  Коомдук канал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайынын мыйзамсыз иштерге аралашканы боюнча журналисттик иликтөө жарыялаган.

Анда президенттик аппараттын мурдагы бөлүм башчысы Манас Арабаевдин Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө берип, кытайлык ишкерлердин мүлкүн тартып алууга катышы бар экени айтылган.

«2016-жылы БЛС деп аталган курулуш компаниясынын ишин кароо учурунда ал (Раиса Атамбаева) бир нече жолугушуу өткөрүүнү суранган. Бул жолугушуулар болгон. Жолугушууга башка адамдар да катышкан. Алардын катарында биринчи айымдын уулу Раис да катышкан. Жолугушууларда соттук ишти чечүүгө көмөктөшүүнү суранышкан. Экинчи баскычта. Азыркы учурда экс-президенттин жубайы Раиса Минахмедовна судья Жаркеевага тийишпей, аны кызматтан четтетпөөнү суранганын кабарлай алам»,- деген Арабаев суракта көрсөтмө берип жатып.

Көрсөтүүдө бул мыйзамсыз иштерге Раиса Атамбаеванын жакын туугандары, курбусу, Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов жана мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиев катышы бар экени айтылган.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *