Атамбаев: Чыныгы Абыке-Көбөштөр жанымда жүрүптүр

Мезгил

Кечээ,  экс-президент Алмазбек Атамбаев чыныгы Абыке- Көбөштөр жанымда жүрүптүр дейт. Ал бул боюнча буга чейин “Таластыктар Абыке-Көбөштүн тукумдары” деп айтканы боюнча айтты.

“Азыр мени колдоп жанымда жүздөн ашуун балдар жүрөт. Мен аларды көрүп толкунданып, ыраазы болуп атам. Чынында убагында  “Таластыктар Абыке-Көбөштүн тукумдары”  деп айткан болчумун. Бирок чыныгы Абыке-Көбөштүн тукумдары жанымда жармашып жүрүптүр.  Ошол эле Сооронбай, Мурмукулов. Бирок азыр андайлар деле бар. Мисалы азыр спикерди көрүп атасыңар” деди Атамбаев.

 Эске салсак, Алмазбек Атамбаев буга чейин  2010-жылдагы Апрель окуясына карата өткөн  митинг-реквиемге катышып жатып, өзүн «Манас» эпосундагы Кошойго салыштырып, чындыкты айтып жатканын айткан.

Ал эми КСДПнын мүчөсү Аскат Көчөркулов Алмазбек Атамбаевди Абыке-Көбөштүн тукуму деген.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *