Атамбаев эмне дейт? Путинге жолугабы?

Мезгил

 Экс-президент Алмазбек Атамбаев  үй бүлөсүн  чет жакка алып кетет экен деген кептер боюнча кечээ Кой-Ташта журналистердин суроосуна жооп берип жатып буларды билдирди. 

“Алар эч жака кетпейт. Балам иштери менен Россияга барыш керек болчу. Биз аны токтоттук. Анткени ар кандай ушактарды чыгарып жиберишпесин дедик. Азыркы бийлик, Атамбаевдин жана анын үй бүлөсүнө жалган жалаа гана жаап жатышат” деди Атамбаев. 

Ошондой эле “Путин менен жолугушуңуз мүмкүнбү?” деген суроого

“Баардыгы болушу мүмкүн. Убагы келгенде көрөсүңөр” дейт экс-президент.

Белгилей кетсек, буга чейин Алмазбек Атамбаев үй бүлөсүн чет жака алып чыгууга камынууда деген кептер тараган.  Ал жакынкы арада чет жакка досторунун чакыруусу менен барганын жатканын айткан. 

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *