Атамбаев: Граната жарылса кызымдын балдары коркпосун деп аларды шаарга алып барып койдук

 Мезгил

Экс-президент Алмазбек Атамбаев үй-бүлөсүнүн жанында экенин жана өлкөдөн эч жака качпай тургандыгын билдирди. Ал бул тууралуу кечээ Кой-Ташта журналистердин суроосуна жооп берип жатып айтты.

“Мекенимден качпайм, мени качырууга аракет кылгандар эртели-кеч өздөрү качат. Азыр үй бүлөмдүн жанындамын  ал эми кызым  балдары менен шаарда. Кызымдын эки баласы бар, эгерде гранаталар жарылса коркуп кетишпесин” -деди Атамбаев.

Ошондой эле ал  Сооронбай Жээнбековду президент катары тааныбай турганын айтты.  

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыраткан.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *